"Чынында, Аллах Таала күндүзү күнөө кылгандардын тобосун кабыл кылуу үчүн түнү колун созот. Түндө күнөө кылгандардын тобосун кабыл кылуу үчүн күндүзү колун созот. Анын мындай ырайымы күн батыштан чыкканча уланат.
Абу Муса Ашаринин (Аллах андан ыраазы болсун) риваятында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Чынында, Аллах Таала күндүзү күнөө кылгандардын тобосун кабыл кылуу үчүн түнү колун созот. Түндө күнөө кылгандардын тобосун кабыл кылуу үчүн күндүзү колун созот. Анын мындай ырайымы күн батыштан чыкканча уланат.
«إِنَّ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ يَبْسُطُ يَدَهُ بِاللَّيْلِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ النَّهَارِ، وَيَبْسُطُ يَدَهُ بِالنَّهَارِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ اللَّيْلِ، حَتَّى تَطْلُعَ الشَّمْسُ مِنْ مَغْرِبِهَا».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала пенделеринин тообосун кабыл кыларын айтат. Эгер пенде күндүзү күнөө кылып, кечинде күнөөсүнө тообо кылса, Аллах Таала анын тообосун кабыл кылат. Эгер түндө күнөө кылып, күндүзү күнөөсүнө тообо кылса, Аллах Таала аны кабыл кылат. Аллах Таала пендесинин тообо кылганын сүйүнүп, кабыл кылуу үчүн колун созот. Ушинтип тообонун эшиги жабылуусу бул дүйнөнүн бүткөнүнөн кабар берет, бирок тообо эшиги күн батыштан чыкканга чейин ачык турат. Күн батыштан чыкканда, тообонун эшиги жабылат.
Тообо эшиги ачык турган чакта бардык тооболор кабыл болот. Анын эшиги күн батыштан чыкканда жабылат. Адам кекиртегине өлүмдүн гаргарасы келгенге чейин, тагыраагы жан кекиртекке келгенге чейин тообо кылуусу керек.
Күнөөнүн кечирилүүсүнөн үмүт үзүү - күнөө кылууга себеп болот. Аллах Тааланын кечирими жана ырайымы кенен. Тообонун эшиги дайыма ачык.
Тообонун шарттары: биринчи, күнөөнү токтотуу. Экинчи, кылган күнөөсүнө өкүнүү. Үчүнчү, күнөөнү кайра эч качан кайталабоого чечим чыгаруу. Бул үч шарт пенденин Аллахтын акысына тиешелүү болгон күнөөлөрүнүн шарттары. Ал эми пенденин акысына тиешелүү күнөө болсо, анда тообо толук болуусу үчүн кимдин акысын бузган болсо, анын акысын берүү шарт, же акынын ээси (зулум чеккен адам) кечириши керек.
Сахих Муслим (4/ 2113) (2759).
Дагы (6)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 35).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (1/ 103).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 55).
Китептерде келтирилген
8 КитептерДагы (8)
- الذكر والدعاء والعلاج بالرقي من الكتاب والسنة"إن الله يبسط يده بالليل ليتوب مسيء النهار، ويبسط يده بالنهار ليتوب مسيء الليل، حتى تطلع الشمس من مغربها" .
- الله -جل جلاله- أنيس المحبين وملاذ القاصدين«إِنَّ اللهَ يَبْسُطُ يَدَهُ بِاللَّيْلِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ النَّهَارِ، وَيَبْسُطُ يَدَهُ بِالنَّهَارِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ اللَّيْلِ؛ حَتَّى تَطْلُعَ الشَّمْسُ مِنْ مَغْرِبِهَا»
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 1 «إنَّ اللهَ تعالىٰ يَبْسُطُ يَدَهُ باللَّيْلِ ليَتُوبَ مُسِيءُ النَّهَارِ، ويَبْسُط يَدَهُ بالنَّهَارِ ليَتُوبَ مُسِيءُ اللَيْلِ، حَتَىٰ تَطْلُع الشَّمْسُ مِنْ مَغْرِبِها».
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 3«إنَّ اللهَ تعالىٰ يَبْسُطُ يَدَهُ باللَّيْلِ ليَتُوبَ مُسِيءُ النَّهَارِ، وَيَبْسُطُ يَدَهُ بِالنَّهارِ لِيَتُوبَ مُسيءُ اللَّيْلِ، حتىٰ تطْلُعَ الشَّمسُ مِنْ مَغْرِبها».
- فتاوى المرضىفتاوى المرضى «إن الله عز وجل يبسط يده بالليل ليتوب مسيء النهار، ويبسط يده بالنهار ليتوب مسيء الليل، حتى تطلع الشمس من مغربها»
- مجموعة زاد العقيدة (2)1«إن ﷲ يبسُطُ يدَه بالليلِ ليتوبَ مسيءُ النهارِ، ويبسطُ يدَه بالنَّهارِ ليتوبَ مسيءُ الليلِ حتى تطلعَ الشمسُ من مغربِها»
- موسوعة الإيمان«إِنَّ اللهَ عز وجل يَبْسُطُ يَدَهُ بِاللَّيْلِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ النَّهَارِ، وَيَبْسُطُ يَدَهُ بِالنَّهَارِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ اللَّيْلِ، حَتَّى تَطْلُعَ الشَّمْسُ مِنْ مَغْرِبِهَا».
- نصوص مختارة للرمضانإِنَّ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ يَبْسُطُ يَدَهُ بِاللَّيْلِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ النَّهَارِ، وَيَبْسُطُ يَدَهُ بِالنَّهَارِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ اللَّيْلِ، حَتَّى تَطْلُعَ الشَّمْسُ مِنْ مَغْرِبِهَا