Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Наср сүрөсү түшкөндөн кийин, ал кайсы гана намазды окубасын, анда сөзсүз: «Субхаанака Раббанаа уа бихамдика, Аллахуммагфир ли» – деп айтчу. Мааниси: «Оо, Раббибиз! Сен бардык кемчиликтерден аруусуң жана Сага мактоолор болсун. Оо, Аллах! Мени кечире көр».
- التصنيف الشرعي
- الفقهالصلاةأذكار الصلاة
Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
«Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Наср сүрөсү түшкөндөн кийин, ал кайсы гана намазды окубасын, анда сөзсүз: «Субхаанака Раббанаа уа бихамдика, Аллахуммагфир ли» – деп айтчу». Мааниси: «Оо, Раббибиз! Сен бардык кемчиликтерден аруусуң жана Сага мактоолор болсун. Оо, Аллах! Мени кечире көр». Андан риваят кылынган хадисте мындай деп айтылат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Курандын буйругун аткарып, рүкү менен саждада: «Субхаанака Аллахумма Раббанаа уа бихамдика, Аллахуммагфир ли» – деп көп айтчу. Мааниси: «Оо, Аллахым, Биздин Раббибиз! Сен бардык кемчиликтерден аруусуң жана Сага мактоолор болсун. Оо, Аллах, мени кечире көр».
مَا صَلَّى النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ صَلاَةً بَعْدَ أَنْ نَزَلَتْ عَلَيْهِ: {إِذَا جَاءَ نَصْرُ اللَّهِ وَالفَتْحُ} [النصر: 1] إِلَّا يَقُولُ فِيهَا: «سُبْحَانَكَ رَبَّنَا وَبِحَمْدِكَ اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي». وعَنْها قَالَتْ: كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يُكْثِرُ أَنْ يَقُولَ فِي رُكُوعِهِ وَسُجُودِهِ: «سُبْحَانَكَ اللهُمَّ رَبَّنَا وَبِحَمْدِكَ، اللهُمَّ اغْفِرْ لِي» يَتَأَوَّلُ الْقُرْآنَ.
Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (ага Aллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) «Аллахтын жардамы жана жеңиш келгенде» (Наср) сүрөсү түшкөндөн кийин Курандагы буйрукка амал кылууга шашылганын айткан. Ал Аллах Тааланын «Раббиңди мактоо менен аруулап, Андан кечирим сура» – деген буйругун аткаруу максатында, намаздын рүкү жана саждасында: «Субхаанака Аллахумма Раббанаа ва бихамдика, Аллахуммагфир ли», – деп көп айтчу. Бул дуба төмөнкүдөй терең маанилерди билдирет: «Субхаанака» — Сен бардык кемчиликтерден жана Сага татыктуу болбогон нерселерден аруусуң; «Аллахумма Раббанаа уа бихамдика» — Оо, Аллах! Биздин Раббиби! затыңдын, сыпаттарыңдын жана иш-аракеттериңдин кемчиликсиздиги үчүн Сага эң жакшы мактоо-шүгүрлөр болсун; «Аллахуммагфир ли» — Оо, Аллах! Менин күнөөмдү өчүр жана мени кечире көр.
Руку жана саждада бул дубаны көп айтуу мустахаб.
Бул жерде өмүрдүн акырында истигфар (кечирим суроо) айтуу менен бирге, бардык ибадаттарды, өзгөчө намазды да андагы кемчиликтерди толтуруу үчүн истигфар айтуу менен аяктоо керектигине эскертүү (ишарат) бар.
Дубанын кабыл болушу үчүн Аллахка тавассул кылуунун (Ага жакындап, ортомчу кылуунун) эң абзел жолу — Аны мактап-улуктоо, Ага тасбих айтуу жана Аны бардык кемчиликтерден, айыптардан аруулоо болуп саналат.
Истигфар айтып кечирим суроонун артыкчылыгы жана аны бардык абалда тилөө.
Бул жерде Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) толук кандуу пенделик сапаты жана Аллахтын буйругун кемчиликсиз аткаргандыгы көрсөтүлгөн.
Сахих ал-Бухари (6/ 178) (4968.
4967).
Сахих Муслим (1/ 350-351) (484).
Сахих ал-Бухари (6/ 178) (4968.
4967).
Сахих Муслим (1/ 350-351) (484).
Дагы (20)
تيسير العلام.
للبسام (ص214).
تنبيه الأفهام.
للعثيمين (2/ 278).
الإفهام في شرح عمدة الأحكام.
لابن باز (ص263).
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (1/ 176).
خلاصة الكلام.
فيصل المبارك (ص97).
تيسير العلام.
للبسام (ص214).
تنبيه الأفهام.
للعثيمين (2/ 278).
الإفهام في شرح عمدة الأحكام.
لابن باز (ص263).
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (1/ 176).
خلاصة الكلام.
فيصل المبارك (ص97).
Китептерде келтирилген
16 Китептер- Куранда жана сүннөттө келген зикр-дубалардан турган мусулмандын коргонуحصن المسلم«Оо, Аллах! Оо, Раббибиз! Сен аруу, тазасың. Бардык мактоо Сага жарашат. Оо, Аллах! Мени кечире көр!» [58].
- Куранда жана сүннөттө келген зикр-дубалардан турган мусулмандын коргонуحصن المسلم"СубханакАл-лахумма Раббанаа ва бихамдика, Аллахуммагфир лии"
- Куранда жана сүннөттө келген зикр-дубалардан турган мусулмандын коргонуحصن المسلم«Оо, Аллах! Оо, Раббибиз! Сен — Аруу, Тазасың. Бардык мактоо Сага таандык. Оо, Аллах! Мени кечире көр!» [66].
- Куранда жана сүннөттө келген зикр-дубалардан турган мусулмандын коргонуحصن المسلم"СубхаанакАл-лахумма раббанаа ва бихамдика, Аллахуммагфир лии"
- Пайгамбардын ﷺ намазынын баяныكَيفِيَّةُ صَلَاةِ النَّبِيِّ ﷺ «Субхаанакал-лоохумма роббанаа уа бихамдик, Аллахуммаг-фир-лии». "Оо, Аллах! Оо, Раббибиз! Сен Аруу, Тазасың. Бардык мактоо Сага таандык. Оо, Аллах! Мени кечир!"
Дагы (11)
- الذكر والدعاء والعلاج بالرقي من الكتاب والسنة"سبحانك اللهم ربنا وبحمدك اللهم اغفر لي".
- الذكر والدعاء والعلاج بالرقي من الكتاب والسنة"سبحانك اللهم ربنا وبحمدك، اللهم اغفر لي".
- تطبيق القرآن والأذكارأذكار الصلاة((سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ رَبَّنَا وَبِحَمْدِكَ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي))[58].
- تطبيق القرآن والأذكارأذكار الصلاة((سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ رَبَّنَا وَبِحَمْدِكَ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي)) [66].
- رسالة في الأذكار1كان النبي صلى الله عليه وسلم يُكْثِرُ أن يقول في ركوعه وسجوده: «سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ رَبَّنَا وَبِحَمْدِكَ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي» يَتأوَّلُ القرآن.
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 1 «سبحانك اللهم ربنا وبحمدك، اللهم اغفر لي».
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 7«سبحانكَ اللّهم ربَّنَا وبحمدِكَ، اللّهم اغْفرْ لي».
- صلاتنا الخاشعة"سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ رَبَّنَا وَبِحَمْدِكَ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي" ([22])
- من الأحكام الفقهية في الطهارة والصلاة والجنائز«سُبْحَانَكَ الْلَّهُمَّ رَبَّنَا وَبِحَمْدِكَ، الْلَّهُمَّ اغْفِرْ لِي» [38]،
- من الأحكام الفقهية في الطهارة والصلاة والجنائز«سُبْحَانَكَ الْلَّهُمَّ رَبَّنَا وَبِحَمْدِكَ، الْلَّهُمَّ اغْفِرْ لِي» [42]،
- موسوعة الأسئلة (المجموعة الأولى)«سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ رَبَّنَا وَبِحَمْدِكَ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي»