Skip to content

Дааратты толук ал, бармактардын арасын желеле (манжаларыңды аралатып жуу) жана орозо кармабаган болсоң, мурунга сууну тереңирээк тарт.

Лакит ибн Сабира (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:

«Мен Бану Мунтафик уруусунун өкүлү болуп (же Бану Мунтафик өкүлдөрүнүн курамында) Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келдим. Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенибизде, аны үйүнөн таба албадык. Бирок момундардын энеси Айшаны (Аллах андан ыраазы болсун) жолуктурдук. Ал биз үчүн хазира (эт менен ун кошулуп жасалган тамак) жасоону буйруду, бизге ал даярдалды. Ошондой эле бизге кинаъ (ичине курма салынган табак) алып келишти. Кийин Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: «Бир нерсе жеп-ичтиңерби?» же «Силерге бир нерсе берүүнү буйруду беле?» — деп сурады. Биз: «Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!» — дедик. Биз Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурганыбызда, койчу койлорун короого айдап келди. Жанында маараган бир козу бар эле. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Эй баланча, (койлоруң) эмне тууду?» — деп сурады. Ал: «Козу», — деди. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Анын ордуна биз үчүн бир кой сой», — деди. Андан соң: «Биз муну сен үчүн сойдук деп ойлобо, — деди ("ля тахсабанна" деп эмес, "ля тахсибанна" деп айтты). — Бизде жүз кой бар, анын көбөйүшүн каалабайбыз. Койчу жаңы козу туудурганда, биз анын ордуна бир кой сойдуруп турабыз». Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Менин аялым бар, анын тилинде бир нерсе бар (б.а. тили заар, одоно сүйлөйт)», — дедим. Ал: «Анда ага талак бер», — деди. Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Анын (көптөн берки) жолдоштугу бар жана андан балдарым бар», — дедим. Ал: «Анда ага буйру (б.а. насаат айт). Эгер анда жакшылык болсо, ал муну кабыл алат. Жана аялыңды күңүңдү ургандай урба!» — деди. Андан соң мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Мага даарат тууралуу айтып бериңизчи», — дедим. Ал: «Дааратты толук ал, бармактардын арасын желеле (манжаларыңды аралатып жуу) жана орозо кармабаган болсоң, мурунга сууну тереңирээк тарт», — деп жооп берди».

كُنْتُ وَافِدَ بَنِي الْمُنْتَفِقِ -أَوْ فِي وَفْدِ بَنِي الْمُنْتَفِقِ- إِلَى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، قَالَ: فَلَمَّا قَدِمْنَا عَلَى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَلَمْ نُصَادِفْهُ فِي مَنْزِلِهِ، وَصَادَفْنَا عَائِشَةَ أُمَّ الْمُؤْمِنِينَ، قَالَ: فَأَمَرَتْ لَنَا بِخَزِيرَةٍ، فَصُنِعَتْ لَنَا، قَالَ: وَأُتِينَا بِقِنَاعٍ -وَالْقِنَاعُ: الطَّبَقُ فِيهِ تَمْرٌ- ثُمَّ جَاءَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: «هَلْ أَصَبْتُمْ شَيْئًا؟ أَوْ أُمِرَ لَكُمْ بِشَيْءٍ؟» قَالَ: قُلْنَا: نَعَمْ، يَا رَسُولَ اللَّهِ، قَالَ: فَبَيْنَا نَحْنُ مَعَ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ جُلُوسٌ، إِذْ دَفَعَ الرَّاعِي غَنَمَهُ إِلَى الْمُرَاحِ، وَمَعَهُ سَخْلَةٌ تَيْعَرُ، فَقَالَ: «مَا وَلَّدْتَ يَا فُلَانُ؟»، قَالَ: بَهْمَةً، قَالَ: «فَاذْبَحْ لَنَا مَكَانَهَا شَاةً»، ثُمَّ قَالَ: «لَا تَحْسِبَنَّ» وَلَمْ يَقُلْ: لَا تَحْسَبَنَّ «أَنَّا مِنْ أَجْلِكَ ذَبَحْنَاهَا، لَنَا غَنَمٌ مِائَةٌ لَا نُرِيدُ أَنْ تَزِيدَ، فَإِذَا وَلَّدَ الرَّاعِي بَهْمَةً، ذَبَحْنَا مَكَانَهَا شَاةً» قَالَ: قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، إِنَّ لِي امْرَأَةً وَإِنَّ فِي لِسَانِهَا شَيْئًا -يَعْنِي الْبَذَاءَ- قَالَ: «فَطَلِّقْهَا إِذن»، قَالَ: قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ إِنَّ لَهَا صُحْبَةً، وَلِي مِنْهَا وَلَدٌ، قَالَ: «فَمُرْهَا» يَقُولُ: عِظْهَا، «فَإِنْ يَكُ فِيهَا خَيْرٌ فَسَتَفْعَلْ، وَلَا تَضْرِبْ ظَعِينَتَكَ كَضَرْبِكَ أُمَيَّتَكَ» فَقُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، أَخْبِرْنِي عَنِ الْوُضُوءِ، قَالَ: «أَسْبِغِ الْوُضُوءَ، وَخَلِّلْ بَيْنَ الْأَصَابِعِ، وَبَالِغْ فِي الِاسْتِنْشَاقِ إِلَّا أَنْ تَكُونَ صَائِمًا».

Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насаи жана Ибн Маажа риваят кылган
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Лакит ибн Сабира (Аллах андан ыраазы болсун) өз эли Бану Мунтафиктен болгон башка адамдар менен бирге Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) элчи болуп барганын кабарлап, айтат: Биз аны үйүнөн таппай, ыймандуулардын энеси Айшага (Аллах андан ыраазы болсун) жолуктук. Ал бизге ун жана май кошулган шорпо жасап берүүнү буюрду, анан алдыбызга курма салынган табак коюлду. Анан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: Алдыңарга тамактан бир нерсе коюлдубу? – деди. Биз: Ооба, - дедик. Лакит айтат: биз пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурганыбызда, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) койчусу койлорун түнөөчү жайына айдап келип калды, анын колунда маарап жаткан улагы бар эле. Ошондо пайгамбарыбыз: Эмне тууду? - деп сурады. Ал: Ургаачы, - деп жооп берди. Ал: Анда бизге анын ордуна жетилген кой сой, – деди. Андан кийин Аллахтын Элчиси элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: Биз силер үчүн убара тартып аны сойдук деп ойлобогула. Негизи биздин кой-эчкибиздин саны жүз, жана алардын бул сандан ашуусун каалабайбыз. Эгерде жаңы төл туулса, анын ордуна бирин соёбуз. Лакит айтты: Мен: Оо, Аллахтын Элчиси, аялымдын тили узун жана жаман сөздөрдү сүйлөйт, аны эмне кылайын? - деп сурадым. Ал: Андай болсо ага талак бер, - деди. Ал айтты: Мен: Оо, Аллахтын Элчиси! Чындыгында, анын мени менен көптөн берки жолдоштугу бар жана андан перзенттерим бар, - дедим. Ал: Ага насыйкат айт, эгерде анда жакшылык болсо, ал сенин насыйкатыңды кабыл алат. Ал эми кабыл албаса, анда аны катуу оорутпай ур жана аны кулдарыңды урган сыяктуу урба! – деди. Андан кийин Лакийт: Оо, Аллахтын Элчиси, мага даарат жөнүндө айтып бериңиз, – деп сурады. Ал айтты: Даарат алуу учурунда сууну тийиштүү жерлерине жеткир, ар бир мүчөнүн акысын бер, анын парздарынан жана сүннөттөрүнөн эч нерсени калтырба, аларды жууп жатканда эки колуңдун жана буттарыңдын манжаларынын арасын ачып жуу, даарат алууда мурдуңдун ичине суу тартып кайра чыгарууну тереңирээк кыл, бирок ичиңе суу кирип кетпеши үчүн орозо кармаган болсоң гана андай кылба.

Хадистин пайдалары

Конокторду сыйлоо шариятта каралган маселе.

Дааратты жеткиликтүү алуу эки түрдүү болот: 1. Важиб болгон жеткиликтүү алуу: ансыз даарат толук болбойт, андан максат – жууй турган мүчөнү толук жуу. 2. Мустахаб болгон жеткиликтүү алуу: ансыз деле даарат толук боло берет, андан максат – важибден ашыкча экинчи жана үчүнчү жолу жуу. Бул – шариятта кызыктырылган иш.

Эки колду жана эки бутту жууп жатканда манжалардын салааларын жууш мустахаб амалдардан. Ал эми салааларын жуу – алардын арасына суу жеткирүү.

Ат-Тыйби мындай деген: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даараттын кээ бир сүннөттөрү жөнүндө гана жооп берген, анткени суроо берген адам даараттын негизин билген.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башкалардын сезимдерине көңүл буруусу жана алардын ички абалын эске алуусу – анын кулк-мүнөзүнүн жакшы сыпаттарынан.

Бул хадис дааратта оозду чайкоо важиб экендигине далил болот.

Хадис мурунга сууну терең тартуу мустахаб экендигине далил, бирок орозо кармаган адам үчүн ал мустахаб эмес. Мурунга сууну терең тартуу мурундан тамагына суунун кирип кетишине алып келип, орозосу бузулуп калбашы үчүн.

Хадисте Исламды кабыл алган ар бир эле адамга көчүү важип эмес экендигине далил бар. Анткени Бану Мунтафик жана башкалар көчүшпөстөн, өздөрүнүн өкүлдөрүн жөнөтүшкөн. Эгер адам динин ачык карманууга кудурети жеткен жерде болсо, өкүм ушундай болот.

Булактар

Сунан Абу Дауд (1/ 99) (142).

Сунан ат-Тирмизи (2/ 146) (788).

Сунан ан-Насааи (1/ 66) (87).

Сунан Ибн Маажа (1/ 262) (407).

Сунан Абу Дауд (1/ 99) (142).

Сунан ат-Тирмизи (2/ 146) (788).

Сунан ан-Насааи (1/ 66) (87).

Сунан Ибн Маажа (1/ 262) (407).

Дагы (16)

توضيح الأحكام من بلوغ المرام.

للبسام (1/ 217).

سُبل السلام.

للصنعاني (1/ 66 ).

فتح ذي الجلال والإكرام بشرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (1/ 183).

منحة العلَّام.

لعبد الله الفوزان (1/ 174).

توضيح الأحكام من بلوغ المرام.

للبسام (1/ 217).

سُبل السلام.

للصنعاني (1/ 66 ).

فتح ذي الجلال والإكرام بشرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (1/ 183).

منحة العلَّام.

لعبد الله الفوزان (1/ 174).