Skip to content

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдат намазын окуп бүткөндөн кийин, күн уясынан толук чыкканга чейин намаз окуган ордунда отурчу.

Жабир бин Самура (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

"Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдат намазын окугандан кийин күн толук чыкканга чейин намаз окуган ордунда отурчу. Ал багымдат намазын окуган ордунан күн чыкмайынча турчу эмес. Күн чыкканда гана ордунан турчу. Сахабалар сүйлөшүп отуруп, жахилият доорундагы иштер тууралуу кеп кылып күлүшчү, ал эми ал жылмайып коёр эле".

أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ إِذَا صَلَّى الفَجْرَ جَلَسَ فِي مُصَلَّاهُ حَتَّى تَطْلُعَ الشَّمْسُ حَسَنًا، وَقَالَ: كَانَ لَا يَقُومُ مِنْ مُصَلَّاهُ الَّذِي يُصَلِّي فِيهِ الصُّبْحَ أَوِ الغَدَاةَ، حَتَّى تَطْلُعَ الشَّمْسُ، فَإِذَا طَلَعَتِ الشَّمْسُ قَامَ، وَكَانُوا يَتَحَدَّثُونَ فَيَأْخُذُونَ فِي أَمْرِ الجَاهِلِيَّةِ، فَيَضْحَكُونَ وَيَتَبَسَّمُ.

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтү боюнча, ал багымдат намазын окугандан кийин күн чыгып көтөрүлгөнгө чейин намаз окуган ордунда отурчу. Багымдат намазын окуган ордунан күн чыкканга чейин турчу эмес. Күн чыккан кезде ал ордунан турчу. Сахабалар сүйлөшүп, Исламга чейинки айрым иштерин эскеришчү, ал болсо унчукпай отурчу. Анан алар күлүшчү, кээде ал да алар менен бирге жылмайып койчу.

Хадистин пайдалары

Багымдат намазынан кийин күн чыкканга чейин зикир кылуу жана кечиримдүү себеп гана болбосо, намаз окуган ордунда отуруу мустахаб.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көркөм кулк-мүнөзү жана жумшактыгы, анын сахабалары менен бирге отуруп, алардын сөздөрүн жана окуяларын угуп, аларга жылмайгандыгы баян кылынган.

Мечитте сүйлөшүүгө жана жахилият күндөрүн эскерүүгө уруксат.

Күлүүгө жана жылмаюуга уруксат. Ашыкча күлкүгө гана тыюу салынган.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 464) (670).

Сахих Муслим (1/ 464) (670).

Дагы (4)

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (14/ 407).

المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (2/ 296).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (14/ 407).

المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (2/ 296).