Skip to content

мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.

Суфян бин Абдулла ас-Сакафи (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Мен: О, Аллахтын элчиси, мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.

قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللهِ، قُلْ لِي فِي الْإِسْلَامِ قَوْلًا لَا أَسْأَلُ عَنْهُ أَحَدًا غَيْرَكَ، قَالَ: «قُلْ: آمَنْتُ بِاللهِ، ثُمَّ اسْتَقِمْ».

Муслим жана Ахмад жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Суфян бин Абдулла деген сахаба (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жалпы Ислам маанисин камтыган сөздү үйрөтүүсүн суранып, аны бекем кармап, ал жөнүндө башка эч кимден сурабастыгын айтат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: Аллахты жалгыз деп билем, Ал менин Раббим, Кудайым, Жаратуучум жана эч шериги жок Ибадат кылуучум деп айткын - деди. Кийин Аллахтын парз буйруктарын аткарып, Ала тыйган тыюулардан тыйылып, Аллахка баш ийүүгө, анан ушул жолдо такай жүрүүгө буйруду.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Диндин негизи - бул, Аллахка Анын рубубиятына, улухиятына жана ысым сыпаттарына ыйман келтирүү.

Ыймандан кийин эле түз жолдо такай жүрүү, ибадатты дайыма аткаруу жана ушунда бекем болуу зарыл.

Ыйман - амалдардын кабыл болуусунун бир шарты.

Аллахка ыйман келтирүү өз ичине ыйман ишенимдеринен жана негиздеринен ишенүү важыб болгон иштерди камтыйт. Ошондой эле буга тиешелүү жүрөк амалдарын жана ички амалдарда да, сырткы көрүнүштө да Аллахка баш ийип, Ага өзүн тапшырууну камтыйт.

Истикоома б.а. түз жолдо такай жүрүү - буйруктарды аткарып, тыюулардан тыйылып түз жолдо жүрүү дегенди билдирет.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 65) (38).

Муснад Ахмад (24/ 141) (15416).

Дагы (5)

المفهم (1/137).

جامع العلوم والحكم (1/507).

فتح القوي المتين للعباد (ص 76).

شرح الأربعين النووية لعبد الكريم الخضير (ص 285).

شرح الأربعين لصالح آل الشيخ (ص 305).