Skip to content

Эгерде мусулман – же момун – пенде даарат алып жатып бетин жууса, анын эки көзү менен карап кылган ар бир күнөөсү суу менен – же суунун акыркы тамчысы менен – кошо бетинен чыгып кетет.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:

«Эгерде мусулман – же момун – пенде даарат алып жатып бетин жууса, анын эки көзү менен карап кылган ар бир күнөөсү суу менен – же суунун акыркы тамчысы менен – кошо бетинен чыгып кетет. Эгерде эки колун жууса, анын эки колу менен кармап кылган ар бир күнөөсү суу менен – же суунун акыркы тамчысы менен – кошо эки колунан чыгып кетет. Эгерде эки бутун жууса, анын эки буту менен басып барып кылган ар бир күнөөсү суу менен – же суунун акыркы тамчысы менен – кошо чыгып кетет. Ошентип, ал күнөөлөрдөн таза болуп чыгат».

«إِذَا تَوَضَّأَ الْعَبْدُ الْمُسْلِمُ -أَوِ الْمُؤْمِنُ- فَغَسَلَ وَجْهَهُ خَرَجَ مِنْ وَجْهِهِ كُلُّ خَطِيئَةٍ نَظَرَ إِلَيْهَا بِعَيْنَيْهِ مَعَ الْمَاءِ -أَوْ مَعَ آخِرِ قَطْرِ الْمَاءِ-، فَإِذَا غَسَلَ يَدَيْهِ خَرَجَ مِنْ يَدَيْهِ كُلُّ خَطِيئَةٍ كَانَ بَطَشَتْهَا يَدَاهُ مَعَ الْمَاءِ -أَوْ مَعَ آخِرِ قَطْرِ الْمَاءِ-، فَإِذَا غَسَلَ رِجْلَيْهِ خَرَجَتْ كُلُّ خَطِيئَةٍ مَشَتْهَا رِجْلَاهُ مَعَ الْمَاءِ -أَوْ مَعَ آخِرِ قَطْرِ الْمَاءِ- حَتَّى يَخْرُجَ نَقِيًّا مِنَ الذُّنُوبِ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгерде мусулман же момун пенде даарат алып жатып бетин жууса, анын эки көзү менен карап кылган ар бир кичине күнөөсү агып түшкөн суу менен – же суунун акыркы тамчысы менен – кошо бетинен чыгып кетерин баяндаган. Эгерде эки колун жууса, анын эки колу менен кылган ар бир кичине күнөөсү суу менен – же суунун акыркы тамчысы менен – кошо эки колунан чыгып кетет. Эгерде эки бутун жууса, анын эки буту менен басып барып кылган ар бир кичине күнөөсү суу менен – же суунун акыркы тамчысы менен – кошо чыгып кетет. Ошентип, ал даарат алып бүткөндөн кийин кичине күнөөлөрдөн таптаза болуп чыгат.

Хадистин пайдалары

Дайым даарат алып жүрүүнүн пазилети, анткени ал күнөөлөргө каффарат (кечирим) болот.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолунан: ал адамдарды сооптуу иштерге жана ибадаттарга, алардын сообун жана сыйлыгын айтып берүү менен кызыктырып, үндөгөн.

Инсандын ар бир дене мүчөсү кээ бир күнөө иштерди кылат. Ошондуктан күнөөлөр аны кылган ар бир дене мүчөнү ээрчийт жана күнөөлөрдөн тообо кылганда ар бир дене мүчөдөн чыгып кетет.

Дааратта сырткы тазалануу бар, ал даарат мүчөлөрүн жууганда болот. Ошондой эле ички тазалануу бар, ал ушул мүчөлөр аркылуу жасалган күнөөлөрдүн жуулуусу.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 215) (244).

Сахих Муслим (1/ 215) (244).

Дагы (16)

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (3/ 108).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (2/ 181).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 208).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 157).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (3/ 108).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (2/ 181).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 208).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 157).