Skip to content

Кайсы бир аял өзүнүн өкүлүнүн (валисинин) уруксаты жок никеге турса, анын никеси батыл (жараксыз) болот - (муну үч ирет кайталады) -. Эгерде эркек ал аялга жакындык кылса, анда ага жакындык кылганы себептүү аялга махыр берилет. Эгерде алар талашып-тартышса, анда өкүлү (валиси) жоктор үчүн султан (башчы) өкүл болот.

Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Кайсы бир аял өзүнүн өкүлүнүн (валисинин) уруксаты жок никеге турса, анын никеси батыл (жараксыз) болот - (муну үч ирет кайталады) -. Эгерде эркек ал аялга жакындык кылса, анда ага жакындык кылганы себептүү аялга махыр берилет. Эгерде алар талашып-тартышса, анда өкүлү (валиси) жоктор үчүн султан (башчы) өкүл болот."

«أَيُّمَا امْرَأَةٍ نَكَحَتْ بِغَيْرِ إِذْنِ مَوَالِيهَا، فَنِكَاحُهَا بَاطِلٌ -ثَلَاثَ مَرَّاتٍ- فَإِنْ دَخَلَ بِهَا فَالْمَهْرُ لَهَا بِمَا أَصَابَ مِنْهَا، فَإِنْ تَشَاجَرُوا فَالسُّلْطَانُ وَلِيُّ مَنْ لَا وَلِيَّ لَهُ».

Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдын валийлеринин уруксатысыз өзүн-өзү никелөөсүнөн эскертип, анын никеси жараксыз экенин үч жолу кайталады, ал нике таптакыр болбогон сыяктуу жокко эсе. Эгерде аялдын валийинин уруксатысыз нике кыйган эркек аялга жакындык кылса, анда аны менен кошулгандыгы үчүн аялга толук махыр акысы берилет. Эгерде валийлер аялды никелөөдө талашып калышса жана алардын даражалары бирдей болсо, анда аялдын кызыкчылыгын көздөө шарты менен алардын ичинен кимиси биринчи нике кыйса, ошонун никелөөсү жарактуу болот. Эгерде валий аялды турмушка берүүдөн баш тартса, анда аялдын валийи жок деп эсептелет. Ошондуктан башчы же анын өкүлү болгон казылар ж.б.у.с. анын валийи болуп саналат. Эгер валийден (баш тартуу сыяктуу себептер) болбосо анда башчы валий боло албайт.

Хадистин пайдалары

Никенин жарактуу болушу үчүн валийдин болушу шарт. Ибн аль-Мунзирден баяндалгандай, сахабалардын биринен да буга каршы пикир белгилүү эмес.

Жараксыз никеде эркек аялга жакындык кылгандыгы үчүн аял махырга акылуу болот.

Султан валийи жок аялдардын валийи болуп саналат, мейли бул анын такыр жок болушу себептүү болсун, же аны никелеп турмушка берүүдөн баш тарткандыгы себептүү болсун.

Султан – валийи жок болгон же анын табылуусу мүмкүн эмес болгон учурда, валийи жоктордун валийи болуп эсептелет. Анын ордун казы басат (валий боло алат), анткени ал ушул маселелерде анын (султандын) орун басары болуп саналат.

Аялдын никесин кыюудагы валийлик анын никеде укугу жок дегенди билдирбейт, тескерисинче, анын укугу бар жана валийи анын уруксатысыз никесин кыюуга болбойт.

Туура никенин шарттары: Биринчи: жубайлардын ар бирин ишарат кылуу, атын атоо же сыпаттоо жана ушул сыяктуулар аркылуу аныктоо. Экинчи: жубайлардын бири-бирине ыраазы болуусу. Үчүнчү: аял үчүн анын валийи (өкүлү) нике келишимин түзүүсү. Төртүнчү: нике келишиминде күбөлөрдүн болуусу.

Нике келишимин кыя турган валийде төмөнкү шарттардын болушу талап кылынат: Биринчиден: акыл-эси ордунда болуусу. Экинчиден: эркек киши болуусу. Үчүнчүдөн: он беш жашка чыгуусу же түшүркөөсү аркылуу балагатка жетүүсү. Төртүнчүдөн: дини бир болушу, каапыр адам мусулман эркекке да, мусулман аялга да валий боло албайт, ошондой эле мусулман адам да каапыр эркекке же каапыр аялга валий боло албайт. Бешинчиден: бузукулуктан алыс болтурган адилеттүүлүккө ээ болуусу, бул үчүн анын турмушка узатып жаткан аялдын кызыкчылыгын карай билүүсү жетиштүү болот. Алтынчыдан: валийдин кем акыл эмес, акылы жетик болуусу, ал – теңдикти жана никенин жол-жобосун айырмалап билүүгө жөндөмдүү болуусу.

Факихтердин пикиринде, аялды никелеп турмушка берүүдө валийлердин тартиби бар. Ошондуктан эң жакын валийи жок болмоюнча же валийлик шарттары табылмайынча, андан аттап өтүүгө уруксат берилбейт. Аялдын валийи – атасы, андан кийин ал осуят кылып дайындаган адамы, андан кийин чоң атасы (жогорулап кете берет), андан кийин уулу, андан кийин уулунун балдары (ылдыйлап кете берет), андан кийин ата-энеси бир ага-иниси, андан кийин аталаш ага-иниси, андан кийин алардын балдары, андан кийин ата-энеси бир амакеси, андан кийин аталаш амакеси, андан кийин алардын балдары, андан кийин мурас маселесиндегидей эле теги тараптан эркектин эң жакын туугандарынын эң жакыны болуп кете берет. Ал эми валийи жоктун валийи – мусулман башчысы (султан) жана анын өкүлү болгон казы болуп саналат.

Булактар

Сунан Абу Дауд (3/ 425) (2083).

Сунан ат-Тирмизи (2/ 392) (1102).

Сунан Ибн Маажа (3/ 77) (1879).

Муснад Ахмад (42/ 199) (25326).

Дагы (9)

البدرُ التمام شرح بلوغ المرام للمَغرِبي (7/ 62).

توضِيحُ الأحكَامِ مِن بُلوُغ المَرَام.

للبسام (5/ 263).

سبل السلام.

للصنعاني (2/ 172).

فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (4/ 471).

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (7/ 222).