Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге бардык иштерде Куран сүрөөлөрүнүн бирин үйрөткөндөй эле Истихараны да үйрөтөт эле.
Жабир ибн Абдуллах (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге бардык иштерде Куран сүрөөлөрүнүн бирин үйрөткөндөй эле Истихараны да үйрөтүп, мындай дечү: "Эгер силерден бириңер бир ишти баштоону кааласа парз болбогон эки рекет намаз окусун да, кийин мындай десин: «Оо, Аллах! Мен Сенин илимиңден (Сенден) кайыр жакшылык тилейм! Сенин кудурет-күчүңдөн жардам сурайм. Мен Сенин улук пазилетиңди (көп жакшылыктарыңды) сурайм! Мен өз тагдырымды өзүм жаратпайм. Аны Сен жаратасың. (Эртеңки күнүм эмне болорун) мен билбейм, Сен билесиң! Сен бардык кайыпты (пенделерге билинбеген кабарларды) эң жакшы билүүчүсүң! Оо, Аллах! Эгер бул иш менин диниме, дүйнөлүк жашоомо жана ишимдин акыбети үчүн жакшылык болсо – же ал: азыркы жана келечектеги ишим үчүн – жакшылык болсо, аны мага буюруп, жеңил-берекелүү кыл жана мага тагдыр кылып бер! Ал эми, бул иш менин диниме, дүйнөлүк жашоомо жана ишимдин акыбетине – же ал: азыркы жана келечектеги ишим үчүн – жамандык болсо, аны менден, мени андан буруп жибер жана мага жакшылыктын кайда экенин көргөзүп, мени ыраазы кыл!»" Анан: «Өз муктаждыгын (ишин) атайт», – деди.
كَانَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يُعَلِّمُنَا الِاسْتِخَارَةَ فِي الْأُمُورِ كَمَا يُعَلِّمُنَا السُّورَةَ مِنَ الْقُرْآنِ، يَقُولُ: «إِذَا هَمَّ أَحَدُكُمْ بِالْأَمْرِ فَلْيَرْكَعْ رَكْعَتَيْنِ مِنْ غَيْرِ الْفَرِيضَةِ، ثُمَّ لِيَقُلِ: اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْتَخِيرُكَ بِعِلْمِكَ وَأَسْتَقْدِرُكَ بِقُدْرَتِكَ، وَأَسْأَلُكَ مِنْ فَضْلِكَ الْعَظِيمِ، فَإِنَّكَ تَقْدِرُ وَلَا أَقْدِرُ، وَتَعْلَمُ وَلَا أَعْلَمُ، وَأَنْتَ عَلَّامُ الْغُيُوبِ، اللَّهُمَّ إِنْ كُنْتَ تَعْلَمُ أَنَّ هَذَا الْأَمْرَ خَيْرٌ لِي فِي دِينِي، وَمَعَاشِي، وَعَاقِبَةِ أَمْرِي» أَوْ قَالَ: «عَاجِلِ أَمْرِي وَآجِلِهِ، فَاقْدُرْهُ لِي وَيَسِّرْهُ لِي ثُمَّ بَارِكْ لِي فِيهِ، وَإِنْ كُنْتَ تَعْلَمُ أَنَّ هَذَا الْأَمْرَ شَرٌّ لِي فِي دِينِي وَمَعَاشِي وَعَاقِبَةِ أَمْرِي» أَوْ قَالَ: «فِي عَاجِلِ أَمْرِي وَآجِلِهِ، فَاصْرِفْهُ عَنِّي وَاصْرِفْنِي عَنْهُ، وَاقْدُرْ لِي الْخَيْرَ حَيْثُ كَانَ، ثُمَّ أَرْضِنِي» قَالَ: «وَيُسَمِّي حَاجَتَه».
Эгер мусулман адам кандайдыр бир ишти жасоону каалап, бирок анын кайсынысы туура болорун билбесе, ага истихара намазын окуу шариятта көрсөтүлгөн. Анткени Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына (Аллах алардан ыраазы болсун) бул намазды Курандан бир сүрөнү үйрөткөндөй үйрөтчү. Ал парз болбогон эки рекет намаз окуйт да, кийин Аллахка мындай деп дуба кылат: «Аллахым, мен Сенден жакшылык сурайм» эки иштин эң жакшысына ийгилик берүүңдү сурайм. Бардык нерсени камтыган кенен «илимиң менен» Сенден сурайм. Сенден башка эч кандай күч-кубат жок болгондуктан, өтүмдүү «кудуретиң менен» мени кудуреттүү кылууңду «сурайм», анткени Сени эч нерсе алсыз кыла албайт, «жана Сенден» кенен, «улук пазилетиңден» жана жакшылыгыңдан «сурайм». Анткени Сенин бергениң Өзүңдөн болгон пазилет жана жакшылыкта Сага карата эч кимдин акысы жок. Бардык нерсеге «Сенин кудуретиң жетет», ал эми мен алсыз, бечарамын жана Сенин жардамыңсыз эч нерсеге «кудуретим жетпейт», «жана» Сен ашкере жана көмүскө иштерди, жакшылыкты жана жамандыкты толук камтыган илимиң менен «билесиң», «ал эми» мен Сенин ийгилик берүүң жана туура жолго салууңсуз эч нерсени «билбейм», «жана Сен кайыптарды толук Билүүчүсүң», демек чексиз илим жана өтүмдүү кудурет Сага гана таандык, ал эми Сен тагдыр кылган жана Сен кудуреттүү кылган нерселерден башка өзгөлөрдө мындан эч кандай үлүш жок. Анан мусулман Раббисине дуба кылып, өз муктаждыгын атап мындай дейт: «Оо, Аллах!» Мен өз ишимди Сага тапшырдым, ал Өзүңдүн илимиңде «эгер Сен билсең» бул иштин – «жана өз муктаждыгын атайт» бул үйдү сатып алуу, же бул унааны сатып алуу, же бул аялга үйлөнүү сыяктуу же башка ушул сыяктуу нерселер... Эгер бул иштин «менин иштеримдин коргоочусу болгон диним үчүн жакшылык» экени Сенин илимиңде алдын ала белгилүү болсо, «жана менин дүйнөлүк жашоом үчүн», «жана ишимдин акыбети үчүн» ишимдин аягы эмне менен бүтөрү, же: дүйнө жана акыреттеги «иштеримдин азыркысы жана кийинкиси үчүн» деп айтса; «аны мага буюруп, тагдыр кылып бер» – аны мага даярдап жана аткарып бер, жана аны жеңилдетип, «мага жеңил кыл», «кийин аны мага берекелүү кыл» – ал иштеги жакшылыкты мен үчүн көбөйт. «Ал эми, эгер Сен билсең», оо, Аллах, мен истихара кылган «бул иштин акыбети менин диниме, жашоомо жана ишимдин аягына жамандык болчу болсо – же: иштеримдин азыркысына жана кийинкисине (жамандык болсо), – аны менден, мени андан буруп жибер жана мага жакшылыгын кайда экенин көргөзүп, кийин мени ыраазы кыл», ошондой эле, мен жакшы көргөн жана жаман көргөн Сен тагдыр кылган бардык иште мени ыраазы кыл.
Истихара намазында чоң жакшылык жана пайда бар болгондуктан, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына (Аллах алардан ыраазы болсун) бул намазды үйрөтүүгө аябай умтулган.
Истихара намазын окуу жана анын артынан сүннөттө келген дубаны айтуу мустахаб.
Эки анжы болгон мубах иштерде истихара кылуу мустахаб. Ал эми важиб же мустахаб иштерде истихара кылынбайт, анткени аларды аткаруу негизги иш болуп саналат. Бирок умрага же ажылыкка бирге чыга турган сапарлашын тандоо сыяктуу, важиб, мустахаб амалдарга тиешелүү болгон нерселерде истихара кылууга болот.
Важиб менен мустахаб амалдарды аткарууда истихара кылынбайт жана арам менен макрух иштерди таштоодо да истихара кылынбайт.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "... андан соң айтсын..." деген сөзүнөн улам дубаны намаздан кийинкиге калтыруу жакшы. А эгер саламдан мурда айтылса эч нерсе болбойт.
Пенде бардык иштерин Аллахка тапшыруусу жана өзүнүн күч-кубатынан баш тартуусу керек. Анткени Аллахтын жардамысыз анда эч кандай күч-кубат жок.
Сахих ал-Бухари (8/ 81) (6382).
Дагы (8)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 43).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (10/ 133).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (4/ 158).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 593).
Китептерде келтирилген
9 КитептерДагы (9)
- الذكر والدعاء والعلاج بالرقي من الكتاب والسنة"إذا همَّ أحدكم بالأمر فليركع ركعتين من غير الفريضة ثم ليقل: اللهم إني أستخيرك بعلمك، وأستقدرك بقدرتك، وأسألك من فضلك العظيم فإنك تَقْدِرُ ولا أقدِرُ، وتعْلمُ ولا أعلمُ، وأنت علاَّم الغيوب، اللهم إن كنت تعلم أن هذا الأمر -ويسمي حاجته- خيرٌ
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهمالصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«إِذَا هَمَّ بِالأَمْرِ فَلْيَرْكَعْ رَكْعَتَيْنِ ثُمَّ يَقُولُ: اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْتَخِيرُكَ بِعِلْمِكَ، وَأَسْتَقْدِرُكَ بِقُدْرَتِكَ، وَأَسْأَلُكَ مِنْ فَضْلِكَ العَظِيمِ، فَإِنَّكَ تَقْدِرُ وَلاَ أَقْدِرُ، وَتَعْلَمُ وَلاَ أَعْلَمُ،
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«إِذَا هَمَّ بِالأَمْرِ فَلْيَرْكَعْ رَكْعَتَيْنِ ثُمَّ يَقُولُ: اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْتَخِيرُكَ بِعِلْمِكَ، وَأَسْتَقْدِرُكَ بِقُدْرَتِكَ، وَأَسْأَلُكَ مِنْ فَضْلِكَ العَظِيمِ، فَإِنَّكَ تَقْدِرُ وَلَا أَقْدِرُ، وَتَعْلَمُ وَلَا أَعْلَمُ،
- حصن المسلم من أذكار الكتاب والسنةحصن المسلم«إِذَا هَمَّ أَحَدُكُمْ بِالأَمْرِ فَلْيَرْكَعْ رَكْعَتَيْنِ مِنْ غَيْرِ الفَرِيضَةِ، ثُمَّ لْيَقُلْ:
- خطب تعظيم قدر الصلاة" إِذَا هَمَّ أَحَدُكُمْ بِالأَمْرِ، فَلْيَرْكَعْ رَكْعَتَيْنِ مِنْ غَيْرِ الفَرِيضَةِ، ثُمَّ لِيَقُلْ: اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْتَخِيرُكَ بِعِلْمِكَ وَأَسْتَقْدِرُكَ بِقُدْرَتِكَ، وَأَسْأَلُكَ مِنْ فَضْلِكَ العَظِيمِ، فَإِنَّكَ تَقْدِرُ وَلاَ
- رسالة في الأذكار1«إِذَا هَمَّ أَحَدُكُمْ بِالْأَمْرِ فَلْيَرْكَعْ رَكْعَتَيْنِ مِنْ غَيْرِ الْفَرِيضَةِ ثُمَّ لْيَقُلِ: اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْتَخِيرُكَ بِعِلْمِكَ، وَأَسْتَقْدِرُكَ بِقُدْرَتِكَ، وَأَسْأَلُكَ مِنْ فَضْلِكَ الْعَظِيمِ، فَإِنَّكَ تَقْدِرُ وَلَ
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 4«إذَا هَمَّ أَحَدُكُمْ بالأمرِ، فَلْيَرْكَعْ رَكْعَتَيْنِ مِنْ غَيْرِ الفَرِيضَةِ، ثم لِيَقُلْ: اللهمَّ إنِّي أَسْتَخِيرُكَ بِعِلْمِكَ، وأَسْتَقْدِرُكَ بِقُدْرَتِكَ، وَأَسْأَلُكَ مِنْ فَضْلِكَ العَظِيمِ، فَإنَّكَ تَقْدِرُ وَلا أَقْدِرُ، وَت
- مجموعة زاد العقيدة (2)1«اللهمَّ إنِّي أستخيرُك بعلْمِك وأستقدِرُك بقدرتك».
- مشروع المنهج التعليميمادة الفقه مستوى 2«إِذَا هَمَّ بِالأَمْرِ فَلْيَرْكَعْ رَكْعَتَيْنِ، ثُمَّ يَقُولُ: اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْتَخِيرُكَ بِعِلْمِكَ، وَأَسْتَقْدِرُكَ بِقُدْرَتِكَ، وَأَسْأَلُكَ مِنْ فَضْلِكَ العَظِيمِ، فَإِنَّكَ تَقْدِرُ وَلاَ أَقْدِرُ، وَتَعْلَمُ وَلاَ أَعْلَمُ،