"Мусулманды сөгүү - пасыктык, өлтүрүү - каапырдык".
Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Мусулманды сөгүү - пасыктык, өлтүрүү - каапырдык".
«سِبَابُ المُسْلِمِ فُسُوقٌ، وَقِتَالُهُ كُفْرٌ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир мусулманды экинчи мусулман бир боорун сөгүүдөн тыйган. Бул Аллахка жана Анын элчисине итаат кылуудан чыгарган пасык иш. Ал эми бир мусулмандын экинчи мусулманды өлтүрүүсү каапырдык иштерден. Бирок бул кичине каапырлык болуп эсептелет.
Мусулмандын канын жана намысын сактоо важыб.
Мусулманды себепсиз сөккөн адамдын кесепети оор болот: адилетсиз акаарат кылган адам бузуку болот.
Мусулманды сөгүү же өлтүрүү ыйманды алсыратып, кемчиликтүү кылат.
Кээ бир иштер адамды динден чыгара турган чыныгы чоң каапырлыктын даражасына жетпесе да каапырдык деп аталат.
Бул жерде айтылган каапырлык жалпы ахлу сунна аалымдарынын пикиринде адамды динден чыгарбай турган кичине каапырлык. Анткени, Аллах Таала мусулмандардын бири-бири менен талашып, согушуп турган учурун да ыймандуулар деп сүрөттөгөн. Алла Таала минтип айткан:"Эгерде момундардан эки тайпасы өз ара согушуп калса, экөөнүн арасын оңдогула..." кийинки аятка чейин: "Чынында, (бардык) момундар – бир туугандар".
Сахих ал-Бухари (1/ 19) (48).
Сахих Муслим (1/ 81) (64).
Дагы (6)
فتح ذي الجلال والاكرام بشرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (6/ 362).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (10/ 216).
توضِيحُ الأحكَامِ مِن بُلوُغ المَرَام.
للبسام (7/ 412).
Китептерде келтирилген
9 КитептерДагы (9)
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 7«سِبابُ المُسلم فُسوقٌ، وقتالُهُ كُفْرٌ».
- عقيدة الأئمة الأربعة«سِبَابُ الْمُسْلِمِ فُسُوقٌ، وَقِتَالُهُ كُفْرٌ»
- عقيدة التوحيد(سباب المسلمِ فُسوقٌ، وقتالُه كفر)
- قاموس الكبائرموسوعة الكبائر - المجموعة الثانية«سِبَابُ المُسْلِمِ فُسُوقٌ، وَقِتَالُهُ كُفْرٌ» [107].
- مشروع المنهج التعليميمادة التوحيد مستوى 3«سِبَابُ المُسْلِمِ فُسُوقٌ، وَقِتَالُهُ كُفْرٌ»
- مشروع المنهج التعليميمادة التوحيد مستوى 3«سِبَابُ المُسْلِمِ فُسُوقٌ، وَقِتَالُهُ كُفْرٌ»
- مشروع منهاج زادكزادك 3 طالب نهائي«سِبَابُ المُسْلِمِ فُسُوقٌ، وَقِتَالُهُ كُفْرٌ»
- موسوعة الإيمان«سِبَابُ المسْلِمِ فُسُوقٌ، وَقِتَالُهُ كُفْرٌ»،
- نبراس طالب (4)1«سِبَابُ المُسْلِمِ فُسُوقٌ، وَقِتَالُهُ كُفْرٌ»