Skip to content

Адамдар ооз ачууну (ифтарды) кечиктирбей эртерээк аткарып жүрүшсө, дайыма жакшылык үстүндө болушат.

التصنيف الشرعي
الفقهالصيامسنن الصيام

Сахл ибн Саьд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Адамдар ооз ачууну (ифтарды) кечиктирбей эртерээк аткарып жүрүшсө, дайыма жакшылык үстүндө болушат».

«لَا يَزَالُ النَّاسُ بِخَيْرٍ مَا عَجَّلُوا الْفِطْرَ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабарлаган: «Адамдар күн батканына толук көзү жеткенден кийин ооз ачууга шашылышса, ар дайым жакшылык үстүндө болушат». Бул амал Пайгамбардын сүннөтүнө моюн сунууну жана шарият чегинен чыкпоону билдирет.

Хадистин пайдалары

Имам Навави (Аллах аны ырайымына алсын) минтип айткан: «Бул хадисте күн батканы анык белгилүү болгондон кийин ооз ачууну тездетүүгө чакырык бар. Мунун мааниси төмөнкүчө: үммөт ушул сүннөттү бекем карманып турган убакта алардын иши дайыма тартиптүү (түз) болуп, өздөрү жакшылык үстүндө боло беришет. Ал эми ооз ачууну атайылап кечиктире башташса, бул алардын диний иштери бузулууга дуушар болгонунун белгиси».

Адамдардын арасында жакшылыктын сакталуусу —алардын сүннөткө ээрчүүсү себептүү, ал эми иштердин бузулушу — сүннөттүн өзгөрүшүнө байланыштуу.

Китеп ээлерине (яхудий жана христиандарга) жана бидаатчыларга каршы туруу үчүн оозду эрте ачуу керек. Анткени алар ооз ачууну кечиктиришет.

Ибн Хажар мындай деген: «Мында бул иштин себеби баяндалган». Ал эми Мухаллаб: «Мунун даанышмандыгы — күндүзгө түндүн бөлүгү кошулуп кетпешинде. Ошондой эле бул орозо кармаган адам үчүн жеңилирээк болуп, анын ибадат кылуусуна көбүрөөк күч-кубат берет», — деп айткан. Аалымдар мунун убактысы күн батканы көз менен көрүп такталганда же эки ишенимдүү адам кабар бергенде кирерине бир ооздон келишкен. Ошондой эле эң туура пикир боюнча, бир эле ишенимдүү адамдын кабар берүүсү да жетиштүү болот.

Ибн Хажар мындай деген: «Эскертүү: Ушул заманда пайда болгон жаман бидааттардын (диндги жаңылыктардын) бири — Рамазан айында багымдат убактысына чейин бир сааттын үчтөн бириндей (жыйырма мүнөттөй) убакыт калганда экинчи азанды айтуу жана орозо кармоону каалагандар үчүн жеп-ичүүнүн арам болгонун билдирген белги катары жагылган чырактарды өчүрүү. Муну ойлоп тапкандар ибадаттагы этияттык үчүн ушундай кылышканын айтышат. Бирок мунун зыянын саналуу гана адамдар билет. Бул адат аларды убакытты тактадык деген шылтоо менен күн баткандан бир аз убакыт өткөндөн кийин гана азан айтууга алып келди. Ошентип, алар ооз ачууну кечиктирип, саарлыкты эртелетишти жана сүннөткө каршы иш кылышты. Ошондуктан аларда жакшылык азайып, жамандык көбөйдү. Аллахтан гана жардам сурайбыз».

Булактар

Сахих ал-Бухари (3/ 36) (1957).

Сахих Муслим (2/ 771) (1098).

Сахих ал-Бухари (3/ 36) (1957).

Сахих Муслим (2/ 771) (1098).

Дагы (12)

تيسير العلام.

لعبد الله البسام (ص335).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.

لابن عثيمين (3/ 442).

خلاصة الكلام على عمدة الأحكام.

لفيصل آل مبارك (ص155).

تيسير العلام.

لعبد الله البسام (ص335).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.

لابن عثيمين (3/ 442).

خلاصة الكلام على عمدة الأحكام.

لفيصل آل مبارك (ص155).