"Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам акылына келгенге чейин".
Али (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам акылына келгенге чейин".
«رُفِعَ الْقَلَمُ عن ثلاثة: عن النائم حتى يَسْتَيْقِظَ، وعن الصبي حتى يَحْتَلِمَ، وعن المجنون حتى يَعْقِلَ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү үч түрдүү адамдан башкаларына жоопкерчилик жүктөлөрүн айткан: Жаш бала чоңоюп, балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айнып жинди болуп калган адам кайра акылына келгенге чейин. Уктап жаткан адам ойгонгонго чейин. Булардан жоопкерчилик алынган. Булардын кылган күнөөсү жазылбайт. Бирок жаш баланын жакшы иштеринин сообу жазылат. Жинди болгон адам менен уктап жаткан адамга жакшы иштеринин сообу да жазылбайт. Анткени, өздөрү эмне кылып жатканын билбегендиктен, алар ибадаттары кабыл болбой турган адамдар болуп эсептелет.
Инсан аны уйку баскан учурда ибадат кылууга жараксыз болот. Же жашы кичүү мезгилинде жараксыз болот. Же акылынан айнып жинди болуп калган учурда жараксыз болот. Аллах Таала Өзүнүн адилеттүүлүгү жана ырайымдуулугу менен ушул үч учурда инсандын жасаган күнөө иштерин кечирип жиберет.
Аларга күнөөнүн жазылбоосу аларга тиешелүү кээ бир дүнүйөлүк өкүмдөргө каршы келбейт. Мисалы жинди адам бирөөнү өлтүрүп койсо, ага өч алуу да, акы-төлөм да болбойт. Эгер акылы төп болсо, кун (дият) берилмек.
Балакат жаш курагына жеткендин үч белгиси бар: түшүркөп же башка себеп менен уруктук суунун түшүүсү. Же аврат жерлерге түктөрдүн чыгуусу. Же он беш жашка толуусу. Ал эми аялзатына төртүнчү белги: айыздын келүүсү кошулат.
Ас-Субки минтип айткан: "Сабий-жаш бала дегени, гулам деп айтылат". Дагы бирөөлөр минтип айткан: "Эненин ичиндеги бала жанин (түйүлдүк) деп аталат. Төрөлгөндө сабий (бөбөк) деп аталат. Эмчектен чыккандан баштап жети жашка чейин гулам (тестиер) деп аталат. Он жашка чейин йафиъ (жеткинчек) деп аталат. Он беш жашка чейин хазур (өспүрүм) деп аталат". Ас-Суйути болсо: "Ушул курактардын баарында баланы гулам деп атайт" деген.
Сунан Абу Дауд (6/ 455) (4403).
Сунан ат-Тирмизи (3/ 93) (1423).
Сунан ал-Кубра лин-Насааи (6/ 487) (7303).
Сунан Ибн Маажа (3/ 199) (2042).
Муснад Ахмад (2/ 254) (940).
Дагы (6)
فتح ذي الجلال والاكرام بشرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (5/ 57).
توضِيحُ الأحكَامِ مِن بُلوُغ المَرَام.
للبسام (3/ 327).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (7/ 582).
Китептерде келтирилген
6 КитептерДагы (6)
- رسالة موجزة عن الإسلام كما جاء في القرآن الكريم والسنة النبوية (مشتملة على الأدلة)رِسَالَةٌُ مُوجَزَةٌُ عَنِ الْإِسْلَامِ كَمَا جَاءَ فِي الْقُرْآنِ الْكَرِيمِ وَالسَّنَةِ النَّبَوِيَّة-مشتملة على الأدلة -للحرمين-«رُفِعَ القَلَمُ عَنْ ثَلَاثٍ: عَنِ النَّائِمِ حَتَّى يَسْتَيْقِظَ، وَعَنِ الصَّبِيِّ حَتَّى يَحْتَلِمَ، وَعَنِ المَجْنُونِ حَتَّى يَعْقِلَ» [82].
- مجموعة زاد التربية الإسلامية (1)، والسيرة النبوبة (1)، والعقيدة (1)، والفقه (1)مجموعة زاد الفقه (1)«رُفِعَ القلم عن ثلاثةٍ: عن النَّائم حتى يستيقظَ، وعن الصَّبي حتى يَحتَلِمَ، وعن المجنونِ حتى يَعقِلَ»
- مجموعة زاد الفقه (3)الفقه 3«رُفِعَ القلمُ عن ثلاثةٍ: عن النَّائمِ حتى يستيقِظَ، وعن الصَّبىِّ حتى يَحتَلِمَ، وعن المجنونِ حتى يَعقِلَ».
- محاضرات تعظيم قدر الصلاةمحاضرات في تعظيم قدر الصلاة" رُفِعَ الْقَلَمُ عَنْ ثَلَاثَةٍ: عَنِ النَّائِمِ حَتَّى يَسْتَيْقِظَ، وَعَنِ الصَّبِيِّ حَتَّى يَحْتَلِمَ، وَعَنِ الْمَجْنُونِ حَتَّى يَعْقِلَ " [102]
- نبراس طالب (3)نبراس طالب 3«رُفِعَ الْقَلَمُ عَنْ ثَلَاثَةٍ: عَنِ النَّائِمِ حَتَّى يَسْتَيْقِظَ، وَعَنِ الصَّبِيِّ حَتَّى يَحْتَلِمَ، وَعَنِ الْمَجْنُونِ حَتَّى يَعْقِلَ»
- نبراس طالب (5)1«رُفِعَ الْقَلَمُ عَنْ ثَلَاثَةٍ: عَنِ النَّائِمِ حَتَّى يَسْتَيْقِظَ، وَعَنِ الصَّبِيِّ حَتَّى يَحْتَلِمَ، وَعَنِ الْمَجْنُونِ حَتَّى يَعْقِلَ»