Чындыгында, силердин бириңер өлгөндө, ага эртең менен жана кечинде өз орду көрсөтүлүп турат.
- التصنيف الشرعي
- العقيدةالإيمان باليوم الآخرأشراط الساعة
Абдуллах ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Чындыгында, силердин бириңер өлгөндө, ага эртең менен жана кечинде өз орду көрсөтүлүп турат. Эгер ал Бейиш элинен болсо, Бейиш элинин орду, ал эми тозок элинен болсо, тозок элинин орду (көрсөтүлөт). Анан ага: кыямат күнү Аллах сени кайра тирилткенге чейин мына ушул сенин ордуң - деп айтылат."
«إِنَّ أَحَدَكُمْ إِذَا مَاتَ عُرِضَ عَلَيْهِ مَقْعَدُهُ بِالْغَدَاةِ وَالعَشِيِّ، إِنْ كَانَ مِنْ أَهْلِ الجَنَّةِ فَمِنْ أَهْلِ الجَنَّةِ، وَإِنْ كَانَ مِنْ أَهْلِ النَّارِ فَمِنْ أَهْلِ النَّارِ، فَيُقَالُ: هَذَا مَقْعَدُكَ حَتَّى يَبْعَثَكَ اللَّهُ يَوْمَ القِيَامَةِ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип кабарлайт: Пенде өлгөндөн кийин ага эртең менен жана кечинде бейиштен же тозоктон боло турган өз орду жана жайы көрсөтүлүп турат. Эгер ал бейиш ээлеринен болсо бейиштеги орду, эгер тозок ээлеринен болсо тозоктогу орду көрсөтүлөт жана ага мынтип айтылат: Бул – сенин кыямат күнү кайрадан тирилип бара турган ордуң. Мына ушунда момун үчүн жыргалчылык жана каапыр үчүн азап болот.
Кабыр азабы жана жыргалчылыгы - чындык.
Ибн Хажар мынтип айткан: Бул (бара турган ордунун) көрсөтүлүүсү такыба момун пенде жана каапыр үчүн ачык-айкын. Ал эми жакшы жана жаман амалдары аралашкан момун пендеге да кийин өзү бара турган бейиштеги орду көрсөтүлүшү ыктымал.
Сахих ал-Бухари (2/ 99-100) (1379).
Сахих Муслим (4/ 2199) (2866).
Сахих ал-Бухари (2/ 99-100) (1379).
Сахих Муслим (4/ 2199) (2866).
Дагы (12)
عمدة القاري شرح صحيح البخاري.
لبدرالدين العيني (8/ 209).
التنوير شرح الجامع الصغير.
لمحمد الصنعاني (2/ 209).
الإفصاح عن معاني الصحاح.
ليحيى بن هبيرة (4/ 131).
عمدة القاري شرح صحيح البخاري.
لبدرالدين العيني (8/ 209).
التنوير شرح الجامع الصغير.
لمحمد الصنعاني (2/ 209).
الإفصاح عن معاني الصحاح.
ليحيى بن هبيرة (4/ 131).
Китептерде келтирилген
2 КитептерДагы (2)
- أحكام الجنائز(إِنَّ أَحَدَكُمْ إِذَا مَاتَ عُرِضَ عَلَيْهِ مَقْعَدُهُ بِالْغَدَاةِ وَالْعَشِيِّ إِنْ كَانَ مِنْ أَهْلِ الْجَنَّةِ فَمِنْ أَهْلِ الْجَنَّةِ، وَإِنْ كَانَ مِنْ أَهْلِ النَّارِ فَمِنْ أَهْلِ النَّارِ، فَيُقَالُ: هَذَا مَقْعَدُكَ حَتَّى يَبْ
- مجموعة زاد الحديث(2)1«إن أحدكم إذا مات عُرِضَ عليه مقعدُه بالغداةِ والعَشِي، إن كان من أهل الجنةِ فمن أهل الجنةِ، وإن كان من أهل النار فمن أهل النار، يقال: هذا مقعدُك، حتى يبعثَك الله يومَ القيامةِ».