Skip to content

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунганда бир "саа" сууга жуунчу. Дааратты бир "муд" сууга алчу.

Сафия (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунганда бир "саа" өлчөмдөгү сууга жуунчу. Даарат алганда бир "муд" сууга даарат алчу.

كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يُغَسِّلُهُ الصَّاعُ مِنَ المَاءِ مِنَ الجَنَابَةِ، وَيُوَضِّئُهُ المُدُّ.

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунганда бир "саа" өлчөмдөгү сууга жуунчу. Дааратты бир "муд" сууга алчу. Саа дегени - төрт муд. Бир муд - болжолдо, бир кочуш толо суу. (Эки колун бириктирип кочуштап сузуп алганчалык, болжолдо жети жүз, жети жүз элүү мл. суу болот)

Хадистин пайдалары

Шарият боюнча суу кенен агып жатса да дааратта жана гусулда сууну үнөмдөөгө, ысырап кылбоого буйруйт.

Гусул жана дааратта сууну аз иштетүү мустахаб. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көрсөткөн жолу ушундай.

Гусулда жана дааратта сууну ысырап кылбай, же өтө үнөмдөп жибербей сүннөттү жана адепти сактоонун максаты суунун аз убагына да, кенен убагына да жана бардык убактарга тиешелүү.

Уруктук суусу кумарлануу менен атып чыккан же жыныстык катнаш кылган адамды жунуб деп айтышат. Жунубдук же жанабат дегендин мааниси алыс болуу дегенди билдирет. Анткени, жунуб болуп калган адам тазаланып жуунганга чейин намаз ж.б. ибадаттарга жакындабай алыс болот.

Саа - белгилүү өлчөм бирдиги. Саа дегенден максат пайгамбардын өлчөмү, анын салмагы таза буудайда 480 мискал, суюктукта 3 литр.

Муд - шарияттагы салмак өлчөмдөрүнүн бири. Чоң адам эки колун бириктирип кочуштап алганчалык өлчөм. Муд саанын төрттөн бири болорун баардык аалымдар бир ооздон бекемдешкен. Болжолдо 750 мл.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 258) (326).

Сахих Муслим (1/ 258) (326).

Дагы (2)

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (8/ 52).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (8/ 52).