Skip to content

Ким жалган ант ичип, бир мусулмандын акысын тартып алса, Аллах ага тозокту милдеттүү кылат жана бейишти арам кылат». Ошондо бир адам: «Оо, Аллахтын Элчиси! Эгер ал кичинекей эле нерсе болсо дагыбы?» – деп сурады. Пайгамбарыбыз: «Эгер ал мисвак жыгачынын бир бутагы болсо дагы», – деп жооп берди.

Абу Умама Ияас ибн Саьлаба аль-Харисий (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Ким жалган ант ичип, бир мусулмандын акысын тартып алса, Аллах ага тозокту милдеттүү кылат жана бейишти арам кылат». Ошондо бир адам: "Оо, Аллахтын Элчиси! Эгер ал кичинекей эле нерсе болсо дагыбы?" – деп сурады. Пайгамбарыбыз: "Эгер ал мисвак жыгачынын бир бутагы болсо дагы", – деп жооп берди».

«مَنِ اقْتَطَعَ حَقَّ امْرِئٍ مُسْلِمٍ بِيَمِينِهِ، فَقَدْ أَوْجَبَ اللهُ لَهُ النَّارَ، وَحَرَّمَ عَلَيْهِ الْجَنَّةَ» فَقَالَ لَهُ رَجُلٌ: وَإِنْ كَانَ شَيْئًا يَسِيرًا يَا رَسُولَ اللهِ؟ قَالَ: «وَإِنْ قَضِيبًا مِنْ أَرَاكٍ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адамдын акысын тартып алуу үчүн билип туруп Аллахтын аты менен жалган ант ичүүгө тыюу салып, катуу эскерткен. Анткени анын жазасы – Тозокко татыктуу болуу жана Бейиштен куру калуу. Бул – чоң күнөөлөрдүн бири болуп саналат. Бир киши: «Оо, Аллахтын Элчиси! Эгерде ант ичилген нерсе аз эле нерсе болсо дагыбы?» – деп сурады. Ошондо Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Эгерде ал Араак дарагынан алынган мисвак таякчасы болгон күндө да», - деп айтты.

Хадистин пайдалары

Башкалардын акысын алуудан сак болуу жана ал канчалык аз болсо да, ээлерине кайтарып берүүгө умтулуу зарыл. Ошондой эле казынын жаңылыштык менен чыгарган өкүмү адамга өзүнө тиешелүү эмес нерсени адал кылып бербейт.

Имам Навави мындай деген: «Мусулмандын акысына кол салуу – өтө оор күнөө. Бул жерде акынын азы менен көбүнүн ортосунда эч кандай айырма жок. Анткени Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ал тургай, Арак дарагынан алынган мисвак таякчасы болсо да», – деп айткан».

Имам Навави мындай деген: «Бул жаза мусулмандын акысын тартып алып, тообо кылуудан мурун каза болгон адамга тиешелүү. Ал эми кимде-ким тообо кылып, кылган ишине өкүнсө, акысын ээсине кайтарып берип, анын кечиримин алса жана ал күнөөнү кайра кайталабоого бекем ниет кылса, анда анын күнөөсү кечирилет».

Каазы мындай деген: «Хадисте мусулмандын өзгөчөлөнүп айтылуусунун себеби — шарияттагы негизги кайрылуулар аларга багытталгандыгы жана коомдо өз ара мамиле кылгандардын көбү дал ушул мусулмандар болгондугу үчүн. Бул мусулман эмес адамдын өкүмү башкача болот дегенди билдирбейт, тескерисинче, бул маселеде (башкалардын акысын жебөөдө) анын өкүмү да мусулмандын өкүмүндөй эле болот».

Имам Навави минтип айткан: Жалган айтуу – бул бир нерсе тууралуу ал кандай болсо, ошого тескери кабар берүү, атайылап болобу же жаңылыштык менен болобу, мейли ал кабар өткөн же келечек жөнүндө болобу.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 122) (137).

Дагы (4)

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 239).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 309).