Мени асманга көтөрүшкөндө, жезден болгон тырмактары менен өз беттерин жана көкүрөктөрүн тытып жаткан бир коомдун жанынан өттүм.
- التصنيف الشرعي
- الأدعية والأذكار والرقائقالرقائق والمواعظذم المعاصي
Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Мени асманга көтөрүшкөндө, жезден болгон тырмактары менен өз беттерин жана көкүрөктөрүн тытып жаткан бир коомдун жанынан өттүм. Ошондо мен: – Эй, Жебрейил! Булар кимдер? - деп сурадым. Ал: – Булар адамдардын этин жегендер (гыйбат кылгандар) жана алардын абийирине кол салгандар (шек келтиргендер), - деп айтты».
«لَمَّا عُرِجَ بِي مَرَرْتُ بِقَوْمٍ لَهُمْ أَظْفَارٌ مِنْ نُحَاسٍ يَخْمُشُونَ بها وُجُوهَهُمْ وَصُدُورَهُمْ، فَقُلْتُ: مَنْ هَؤُلَاءِ يَا جِبْرِيلُ، قَالَ: هَؤُلَاءِ الَّذِينَ يَأْكُلُونَ لُحُومَ النَّاسِ، وَيَقَعُونَ فِي أَعْرَاضِهِمْ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: ал Исра жана Мираж түнүндө асманга көтөрүлгөндө, жез тырмактары менен өздөрүнүн жүздөрүн жана көкүрөктөрүн тытып-тырмап жаткан адамдардын жанынан өттү. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Жебирейилден (алейхис салам): Ушул азап менен жазалангыдай булар эмне кылышты эле? - деп сурады. Жебирейил (алейхис салам): Булар адамдарды гыйбат кылып, алардын абийирине негизсиз сөз тийгизгендер - деп жооп берди.
Гыйбат кылуудан катуу эскертүү жана гыйбат кылуучуну адамдын этин жеген адамга окшоштуруу.
Гыйбат кылуу жана ушул сыяктуулар менен адамдардын абийирине шек келтирүү чоң күнөөлөрдөн.
Ат-Тайиби "тытышат" деген сөзү тууралуу минтип айткан: Бетти жана көкүрөктү тытуу кошокчу аялдардын сыпаттарынан болгондуктан, бул экөөнү мусулмандарды гыйбат кылган жана алардын абийирин төккөн адамдардын жазасы кылды. Бул нерсе, ал экөө эркектердин сыпаттарынан эмес экенин, тескерисинче, аялдардын эң бир жаман абалындагы жана эң түрү суук көрүнүштөгү сыпаттары экендигин билдирүү үчүн.
Кайыпка жана Аллах жана Анын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлаган бардык нерселерге ыйман келтирүү важиб.
Сунан Абу Дауд (7/ 240) (4878/ 1).
Сунан Абу Дауд (7/ 240) (4878/ 1).
Дагы (12)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (3/ 27).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1042).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (18/ 180).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (3/ 27).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1042).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (18/ 180).
Китептерде келтирилген
2 КитептерДагы (2)
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 7«لمَّا عُرجَ بي مَرَرْتُ بقَومٍ لهُم أظْفَارٌ من نُحَاسٍ، يَخْمشُون وجُوهَهُمْ وصُدُورَهُمْ، فقلتُ: مَنْ هؤلاء يا جبريلُ؟ قَالَ: هؤلاء الذين يأكُلُونَ لُحُومَ النَّاسِ، ويَقَعُونَ في أعْرَاضِهِمْ!».
- مجموعة زاد الحديث(3)1«لما عُرِجَ بي مَرَرْتُ بقَوْمٍ لهم أظفارٌ من نُحَاسٍ يخمِشُون وُجُوهَهُم وَصُدُورَهُم، فقلتُ: من هَؤُلاءِ يا جِبْريلُ؟ قال: هؤلاء الذين يأكُلون لحُومَ الناسِ، ويَقَعُون في أَعْراضِهِم»