Skip to content

"Ким жылдыз илиминен үйрөнсө ал сыйкырдын бир бутагын (бир азын) үйрөнгөн болот, көбөйткөн сайын көбөйө берет".

Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:

"Ким жылдыз илиминен үйрөнсө ал сыйкырдын бир бутагын (бир азын) үйрөнгөн болот, көбөйткөн сайын көбөйө берет".

«من اقتبَسَ علْمًا مِنَ النُّجُومِ اقْتبَسَ شُعبَة مِن السِّحرِ، زادَ ما زادَ».

Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким астрология жана жылдыздар илимин окуса, алардын кыймылын, кирүүсүн, чыгуусун жерде болуп жаткан окуяларга, мисалы, бирөөнүн өлүмүнө, туулуусуна, ооруп калуусуна ж.б. келечекте боло турган иштерге байланыштырып далил кылса, ал адам сыйкырдын бир бөлүгүн үйрөнгөн болуп эсептелет. Ошентип бул илимге тереңдеп кирген сайын сыйкыры да көбөйө берет.

Сөздөрдүн маанилери

من اقتبسَ: من تعلّم.

شعبة: طائفة وقطعة.

Хадистин пайдалары

Жылдыздардын абалына карап ага таянуу менен келечек иштери тууралуу кабар берүү тыюу салынган арам иш, анткени бул кайып илимине киришүү болуп эсептелет.

Жылдыз илими да тавхидди жана Аллахты жалгыздоого каршы келген сыйкырдын бир түрү. Ал эми тараптарды ажыратуу же кыбыланы, жыл мезгилдерин, айлардын башталышын тактоо үчүн жылдыздарга кароо эч нерсе эмес.

Жылдыз илимине тереңдеп кирген сайын сыйкыр илиминин бутактары да көбөйө берет.

Аллах Таала жылдыздардын пайдасын Куранда айтканы боюнча үч пайдасы бар: алар асмандын кооздугу, жол табуу үчүн белги, шайтандарды уруу үчүн.

Булактар

Сунан Абу Дауд (6/ 50) (3905).

Сунан Ибн Маажа (4/ 670) (3726).

Муснад Ахмад (3/ 454) (2000).

Дагы (4)

الجديد في شرح كتاب التوحيد.

للقرعاوي (ص230).

الملخص في شرح كتاب التوحيد.

للفوزان (ص206).