“Адам өлгөндө, анын иш-аракеттери бүт токтойт. Бирок үч ишинин гана сообу токтобой улана берет. Алар: эл пайдасын көргөн, сообу үзүлбөгөн садакалары; бирөөлөргө үйрөтүп кеткен пайдалуу илим-билими; артынан дуба кылган ыймандуу баласы”
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
“Адам өлгөндө, анын иш-аракеттери бүт токтойт. Бирок үч ишинин гана сообу токтобой улана берет. Алар: эл пайдасын көргөн, сообу үзүлбөгөн садакалары; бирөөлөргө үйрөтүп кеткен пайдалуу илим-билими; артынан дуба кылган ыймандуу баласы”
«إِذَا مَاتَ الْإِنْسَانُ انْقَطَعَ عَنْهُ عَمَلُهُ إِلَّا مِنْ ثَلَاثَةٍ: إِلَّا مِنْ صَدَقَةٍ جَارِيَةٍ، أَوْ عِلْمٍ يُنْتَفَعُ بِهِ، أَوْ وَلَدٍ صَالِحٍ يَدْعُو لَهُ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адам өлгөндө анын иш-амалдары токтоп каларын кабаларган. Өлгөн адамга анын себеби менен ишке ашкан төмөнкү үч иштин гана сообу жетип турат: Биринчи: Вакфка берген мүлкү, же салып койгон мечити, же казып суу чыгарып койгон кудугу сыяктуу сообу токтобой агып туруучу садага иштери. Экинчи: Адамдар пайдалана турган илими. Илим жолунда жазган китептери, же кимдир бирөөнү окутуп үйрөткөн илими. Ал өлгөндөн кийин анын жазган китеби окулган сайын, же ал илим берген адам башкаларга илимин тараткан сайын сообу ага жазыла берет. Үчүнчү: Ата-энесине дуба кылган ыймандуу, саалих баланын дубасы.
Аалымдар адам өлгөндөн кийин анын артынан сообу жете турган иштерге сообу токтобогон садагалар, башкалар пайдасын көрө турган илимдер жана дубалар деп айтышкан. Башка хадисте буларга кошумча ажылык ибадаты да айтылган.
Хадисте ушул үч ишти айтып, ушуларды аткарууга үндөгөн. Анткени, булар жакшылыктын негизи, пазилеттүү адамдар артына калтырып кетүүнү максат кылган иштер.
Бардык эле пайдалуу илимдер үчүн сооп берилет. Бирок илимдердин эң башында жана биринчи сабында шарият илими жана шариятка тиешелүү илимдер турат.
Бул үч иштин ичинен эң пайдалуусу илим таратуу. Анткени, үйрөнгөн адам пайдалана турган илим шариятты сактай турган жалпы калайыкка пайдасы тие турган илим. Бул илим бул дүйнө жашоосуна да, акырет жашоосуна да зарыл нерселерди камтыган илим.
Хадис, саалих ыймандуу балдарды тарбиялоого үндөйт. Мындай балдар дуба аркылуу ата-энесинин акыретине да пайдасын тийгизет.
Ошондой эле, ата-эненин көзү өткөндөн кийин да аларга жакшылык кылууга үндөйт. Бул дагы балага пайдасы тие турган жакшы иштерден болуп эсептелет.
Өлгөн адамга баласынан башкалардын дубасы деле пайдасын тийгизет. Хадисте баласын айтканынын себеби, башкаларга караганда баласы ата-энесин көбүрөөк эстеп, көбүрөөк дуба кылат.
Сахих Муслим (3/ 1255) (1631).
Дагы (1)
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (28/ 413).
Китептерде келтирилген
10 КитептерДагы (10)
- التوحيد في ضوء عقيدة الإمام الشافعي رحمه الله ونصوصه ومروياته" إذا مات الإنسان انقطع عنه عمله إلا من ثلاثة: إلا من صدقة جارية، أو علم ينتفع به، أو ولد صالح يدعو له ".([100])
- الذكر والدعاء والعلاج بالرقي من الكتاب والسنة"إذا مات الإنسان انقطع عملُهُ إلا من ثلاثة: إلا من صدقة جاريةٍ، أو علمٍ ينتفع به، أو ولدٍ صالحٍ يدعو له" .
- الصيام ومجموعة أسئلة في أحكامه«إِذَا مَاتَ الْإِنْسَانُ انْقَطَعَ عَمَلُهُ إِلَّا مِنْ ثَلَاثَةٍ: إِلَّا مِنْ صَدَقَةٍ جَارِيَةٍ، أَوْ عِلْمٍ يُنْتَفَعُ بِهِ، أَوْ وَلَدٍ صَالِحٍ يَدْعُو لَهُ»[72].
- المنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح - المعتمدالمنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح“إذا مات الإنسان انقطع عنه عمله إلا من ثلاث: صدقة جارية، أو علم ينتفع به، أو ولد صالح يدعو له”.
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 5«إذَا مَاتَ الإنسانُ انْقَطَعَ عَنْه عَمَلُهُ إلَّا من ثلاث: صَدَقَةٍ جَاريَةٍ، أوْ عِلْمٍ يُنْتَفَعُ به، أوْ وَلَدٍ صَالحٍ يَدْعُو لَهُ».
- عقائد الشيعة الاثني عشرية - سؤال وجواب(إذا ماتَ الإنسانُ انقَطَعَ عنهُ عَمَلُهُ إلا مِن ثلاثةٍ: إلاَّ من صَدَقَةٍ جاريةٍ، أو علمٍ يُنتفَعُ بهِ، أو وَلَدٍ صالحٍ يَدْعُو لهُ)[3]،
- مجموعة زاد الحديث(2)1«إِذَا مَاتَ الْإِنْسَانُ انْقَطَعَ عَنْهُ عَمَلُهُ إِلَّا مِنْ ثَلَاثَةٍ: إِلَّا مِنْ صَدَقَةٍ جَارِيَةٍ، أَوْ عِلْمٍ يُنْتَفَعُ بِهِ، أَوْ وَلَدٍ صَالِحٍ يَدْعُو لَهُ».
- مجموعة زاد الحديث(2)1(إِذَا مَاتَ الْإِنْسَانُ انْقَطَعَ عَنْهُ عَمَلُهُ)
- مجموعة زاد الحديث(2)1(إِذَا مَاتَ الْإِنْسَانُ انْقَطَعَ عَنْهُ عَمَلُهُ إِلَّا مِنْ ثَلَاثَةٍ...)
- نبراس طالب (5)1«إِذَا مَاتَ الْإِنْسَانُ انْقَطَعَ عَنْهُ عَمَلُهُ إِلَّا مِنْ ثَلَاثَةٍ: إِلَّا مِنْ صَدَقَةٍ جَارِيَةٍ، أَوْ عِلْمٍ يُنْتَفَعُ بِهِ، أَوْ وَلَدٍ صَالِحٍ يَدْعُو لَهُ»