Skip to content

Чынында, пенде намаз окуйт, ага анын ондон бири, тогуздан бири, сегизден бири, жетиден бири, алтыдан бири, бештен бири, төрттөн бири, үчтөн бири, жарымы гана жазылат.

Абдуллах ибн Анама айтат:

Мен Аммар бин Ясирдин мечитке кирип намаз окуганын көрдүм. Ал намазды жеңил (кыска) окуду. Ал мечиттен чыкканда, мен ага барып: "О Абу Якзан, сен намазды жеңилдетип окудуң го", - дедим. Ал: "Мен намаздын шарттарынан кай бирин кем окуганымды көрдүңбү?!" - деди. Мен: "Жок", - дедим. Ал айтты: "Мен шайтан мени азгырып жибергенге чейин андан озуп (намазды) ушинтип окудум. Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уккам: «Чынында, пенде намаз окуйт, бирок ага анын ондон бири, тогуздан бири, сегизден бири, жетиден бири, алтыдан бири, бештен бири, төрттөн бири, үчтөн бири (же) жарымы гана жазылат».

رَأَيْتُ عَمَّارَ بْنَ يَاسِرٍ دَخَلَ المَسْجِدَ فَصَلَّى، ‌فَأَخَفَّ ‌الصَّلَاةَ، قَالَ: فَلَمَّا خَرَجَ، قُمْتُ إِلَيْهِ، فَقُلْتُ: يَا أَبَا اليَقْظَانِ، لَقَدْ خَفَّفْتَ، قَالَ: فَهَلْ رَأَيْتَنِي انْتَقَصْتُ مِنْ حُدُودِهَا شَيْئًا؟! قُلْتُ: لَا، قَالَ: فَإِنِّي بَادَرْتُ بِهَا سَهْوَةَ الشَّيْطَانِ، سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صلى الله عليه وسلم يَقُولُ: « إِنَّ الْعَبْدَ لَيُصَلِّي الصَّلَاةَ، مَا يُكْتَبُ لَهُ مِنْهَا إِلَّا عُشْرُهَا، تُسْعُهَا، ثُمُنُهَا، سُبُعُهَا، سُدُسُهَا، خُمُسُهَا، رُبُعُهَا، ثُلُثُهَا نِصْفُهَا».

Ахмад жазып калтырган.
Хасан (жакшы)
Чечмелөө

Аммар бин Ясир (ал экөөнөн Аллах ыраазы болсун) мечитке кирип, напил намаз окуйт жана намазды кыска окуп бүтүрөт. Ал мечиттен чыкканда, Абдуллах бин Анама анын артынан ээрчип барып, ага мындай дейт: «Абу Якзан! Мен сизди намазыңызды кыска окуганыңызды көрдүм!» Аммар айтты: «Сен менин анын рүкүндөрүнөн, важибдеринен же шарттарынан бирин кемиткенимди көрдүңбү?!» Абдуллах: «Жок», – деди. Аммар: «Чынында, шайтан мени алагды кылып жибергенге чейин окуп бүтүрдүм», – деди. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уккам: "Чынында, пенде намаз окуйт, бирок ага анын сообунун ондон бири, же тогуздан бири, же сегизден бири, же жетиден бири, же алтыдан бири, же бештен бири, же төрттөн бири, же үчтөн бири, же жарымы гана жазылат".

Хадистин пайдалары

Абалкылар бири-бирине насаат айтууга ынтызар болушкан.

Туура эмес иштен тыюудан мурда тактоо жана суроо керек.

Суроого жана маселеге жооп берүүдө Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөзү менен чектелүү.

Намазды коркуп, берилип жана ой жүгүртүү менен окууда кемчилик болгон себептүү намаздын сооп-сыйлыктары да кемчиликтүү болуусу.

Намазды кичи пейилдик менен окууга жана жүрөктү Аллах Таала менен болууга даярдоого бекем жана катуу үндөө.

Булактар

Сунан Абу Дауд (2/ 97) (796).

Сунан Абу Дауд (2/ 97) (796).

Дагы (8)

عون المعبود (3/3).

شرح سنن أبي داود للعباد (103/ 15).

فيض القدير (2/ 334).

التيسير بشرح الجامع الصغير (1/ 283).

عون المعبود (3/3).

شرح سنن أبي داود للعباد (103/ 15).

فيض القدير (2/ 334).

التيسير بشرح الجامع الصغير (1/ 283).