Skip to content

«Кимде-ким мага эки жаагы менен эки бутунун ортосундагы (мүчөлөрүн күнөөлөрдөн) сактаймын деп кепилдик берсе, анда мен анын Бейишке кирүүсүнө кепилдик беремин».

Сахл ибн Саьд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Кимде-ким мага эки жаагы менен эки бутунун ортосундагы (мүчөлөрүн күнөөлөрдөн) сактаймын деп кепилдик берсе, анда мен анын Бейишке кирүүсүнө кепилдик беремин».

«مَنْ يَضْمَنْ لِي مَا بَيْنَ لَحْيَيْهِ وَمَا بَيْنَ رِجْلَيْهِ أَضْمَنْ لَهُ الْجَنَّةَ».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам эки нерсеге бекем болсо, бейишке кирерин кабарлап жатат. Биринчиси: Тилди Аллахтын каарын келтире турган сөздөрдөн сактоо. Экинчиси: Жыныстык мүчөнү зынадан сактоо. Анткени көптөгөн күнөөлөр ушул эки мүчө аркылуу болот.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Тилди жана жыныстык мүчөнү күнөөдөн сактоо бейишке кирүүгө себеп болот.

Бул дүйнө жана акыретте балээнин көпчүлүгү тил жана жыныстык мүчө себептүү болгондуктан хадисте ал экөөсүн өзгөчөлөп айтты.

Булактар

Сахих ал-Бухари (8/ 100) (6474).

Дагы (11)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

تأليف سليم الهلالي (3/ 9).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

تأليف د.

مصطفى الخِن وغيره (2/ 1035).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (18/ 85).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 117).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري.

للقسطلاني (9/ 272).