Skip to content

«Сатканда, сатып алганда жана өз акысын талап кылганда жоомарт адамды Аллах ырайымына алсын».

Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты.

«Сатканда, сатып алганда жана өз акысын талап кылганда жоомарт адамды Аллах ырайымына алсын».

«رَحِمَ اللهُ رَجُلًا سَمْحًا إِذَا بَاعَ، وَإِذَا اشْتَرَى، وَإِذَا اقْتَضَى».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) соода-сатыкта жеңил, кечиримдүү жана берешен болгон адамга ырайым тилеп дуба кылды. Ал адам кардарга бааны көтөрбөстөн, ага жакшы кулк-мүнөз менен сылык мамиле кылышы керек. Эгерде сатып алчу болсо, анда товардын баасын төмөндөтпөй жана арзандатпай жеңил, жоомарт, берешендик менен сатып алсын. Карыздарын талап кылганда карыздар адам кедей же муктаж болсо, анда ага оор мамиле кылбай, жумшак жана сылык мамиле кылыш керек. Эгерде карызын төлөй албаса, анда ага кошумча убакыт берип күтүү керек.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерин оңдоочу нерселерди сактоо - бул шарияттын негизги максаттарынын бири.

Адамдардын ортосундагы соода сатык сыяктуу өз ара мамилелеринде жакшы адеп-ахлак менен мамиле кылууга үндөө керек.

Булактар

Сахих ал-Бухари (3/ 57) (2076).

Дагы (7)

نزهة المتقين (2/ 944).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (16/ 386).

منار القاري.

لحمزة محمد قاسم (3/ 258).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (5/ 405).