Skip to content

Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялча кийинген эркекке жана эркекче кийинген аялга каргыш айткан.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

«Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялча кийинген эркекке жана эркекче кийинген аялга каргыш айткан».

لعن رسول الله صلى الله عليه وسلم الرجل يلبس لِبْسَةَ المرأة، والمرأة تلبس لِبْسَةَ الرجل. لَعَنَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ الرَّجُلَ يَلْبَسُ لِبْسَةَ الْمَرْأَةِ، وَالْمَرْأَةَ تَلْبَسُ لِبْسَةَ الرَّجُلِ.

Ан-Насааи Кубра китебинде, Ибн Маажа ушул мааниде жана Ахмад риваят кылган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кийимдин сырткы көрүнүшү, түсү, үлгүсү, кийинүү жана жасалгалануу ыкмасы же башка жагынан болсун — аялдарга тиешелүү нерселерде аялдарга окшошууга аракет кылган ар бир эркектин Аллахтын ырайымынан алыстатылуусун (каргышка калуусун) тилеп дуба кылган. Ошондой эле аял кишинин эркектерге тиешелүү кийимди кийип, өзүн эркектерге окшоштуруусу да — чоң күнөөлөрдүн бири.

Хадистин пайдалары

Имам Шавкани минтип айткан: «Аялдардын эркектерге жана эркектердин аялдарга окшошуусу — арам. Анткени каргыш (наалат) арам кылынган ишке гана айтылат».

Шейх Ибн Усаймин минтип айткан: «Эркектер да, аялдар да кие турган айрым ички кийимдер сыяктуу экөөнө тең жалпы болгон кийимдерди кийүүдө эч кандай күнөө жок. Башкача айтканда, алар орток болгондугу үчүн эркектердин да, аялдардын да кийүүсүнө уруксат берилет».

Булактар

Сунан Абу Дауд (6/ 195) (4098).

Сунан ал-Кубра лин-Насааи (8/ 297) (9209).

Сунан Ибн Маажа (3/ 95) (1903).

Муснад Ахмад (14/ 61) (8309).

Сунан Абу Дауд (6/ 195) (4098).

Сунан ал-Кубра лин-Насааи (8/ 297) (9209).

Сунан Ибн Маажа (3/ 95) (1903).

Муснад Ахмад (14/ 61) (8309).

Дагы (16)

نزهة المتقين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1122).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (19/ 337).

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (3/ 150).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 370).

نزهة المتقين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1122).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (19/ 337).

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (3/ 150).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 370).