"Аллах Таала кээ бир амалдарды парз кылган, аларды аткарбай койбогула! Чектерди койгон, андан ашып кетпегиле! Кээ бир нерселерди арам кылган, аларга кирип кетпегиле! Кээ бир нерселерде унутуп эмес, силерге ырайым кылып унчуккан эмес. Аларды изилдебегиле!"
Абу Саълаба Хушани Журсум бин Нашир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Аллах Таала кээ бир амалдарды парз кылган, аларды аткарбай койбогула! Чектерди койгон, андан ашып кетпегиле! Кээ бир нерселерди арам кылган, аларга кирип кетпегиле! Кээ бир нерселерде унутуп эмес, силерге ырайым кылып унчуккан эмес. Аларды изилдебегиле!"
«إِنَّ اللَّهَ فَرَضَ فَرَائِضَ فَلَا تُضَيِّعُوهَا، وَحَدَّ حُدُودًا فَلَا تَعْتَدُوهَا، وَحَرَّمَ أَشْيَاءَ فَلَا تَنْتَهِكُوهَا، وَسَكَتَ عَنْ أَشْيَاءَ رَحْمَةً لَكُمْ غَيْرَ نِسْيَانٍ فَلَا تَبْحَثُوا عَنْهَا».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: Аллах Таала кээ бир иштерди аткарууну милдет парз кылган, мындай иштерди жеңил санап, же кайдыгерлик кылып аткарбай койбогула. Ал силерге чектерди белгилеп, эскертүүлөрдү берди, алар силерди Аллах ыраазы болбой турган иштерден тосуп, эскертип турат. Шарият буйругандан ашыкча кылып кошуп жибербегиле. Арамдарды ачык баяндады, ага жакындабагыла. Андан башка нерселерди пенделерине ырайым кылып, унчукпай калтырып койгон. Алар ошол мубах боюнча кала берет, аларды тереңдеп изилдебегиле.
Бул хадис шариятты Аллах түзгөндүгүнө, ошондуктан бардык иштер Анын колунда экендигине далил.
Хадис шарияттын өкүм жана мубах эрежелерин камтыйт: шарият өкүмү же так айтылат, же унчукпай калтырылат. Ал: важыб же мандуб болуп буйрулат, же болбосо арам же макүрү болуп тыйылат. Же мубах болот.
Ал эми Аллах Таала парз да кылбай, чек да койбой, тыюу да салбай калтырып койгон иштер баары - адал.
Хадисти бөлүп-бөлүп, ачык, түшүнүктүү кылып айтканы пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мыкты сөз чебери экенин айтып турат.
Аллахтын парз амалдарын аткаруу зарыл милдет.
Аллахтын чектеген чектеринен ашып кетүү - арам, тыю салынган.
Сунан ад-Даракутни (4396).
Дагы (4)
المعجم الكبير للطبراني (22/221).
جامع العلوم والحكم (ص617).
شرح الأربعين النووية للعثيمين (ص309).
توضيح الأحكام من بلوغ المرام (6/ 210).
Китептерде келтирилген
3 КитептерДагы (3)
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 8«إنَّ اللهَ تَعَالىٰ فَرَضَ فَرائِضَ فَلا تُضَيِّعُوهَا، وَحَدَّ حُدُوداً فَلا تَعْتَدُوهَا، وَحَرَّمَ أَشْيَاءَ فَلا تَنْتَهِكوهَا، وَسَكَتَ عَنْ أَشْيَاءَ رَحْمَةً لَكُمْ غَيْرَ نِسْيَانٍ فَلا تَبْحَثُوا عَنها».
- شرح الأربعين النووية«إنَّ اللَّهَ تَعَالَى فَرَضَ فَرَائِضَ فَلَا تُضَيِّعُوهَا، وَحَدَّ حُدُودًا فَلَا تَعْتَدُوهَا، وَحَرَّمَ أَشْيَاءَ فَلَا تَنْتَهِكُوهَا، وَسَكَتَ عَنْ أَشْيَاءَ رَحْمَةً لَكُمْ غَيْرَ نِسْيَانٍ فَلَا تَبْحَثُوا عَنْهَا».
- متن اصول الإيمانمتن أصول الإيمان{إن اللَّه فرض فرائض فلا تضيعوها، وحد حدودا فلا تعتدوها، وحرم أشياء فلا تنتهكوها، وسكت عن أشياء رحمة لكم غير نسيانٍ فلا تبحثوا عنها}.