Skip to content

Сенден мурунку эч бир пайгамбарга берилбеген, сага гана берилген эки нур менен сүйүн: (Алар) Фатиха сүрөсү жана Бакара сүрөсүнүн акыркы аяттары. Сен ал экөөнөн кайсы бир тамганы окусаң да, ал сага сөзсүз берилет.

Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат:

«Жебрейил Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында отурган кезде, үстү жагынан бир добушту укту. Ал башын өйдө көтөрүп: – Бул – асманда бүгүн ачылган эшик. Буга чейин ал эч качан ачылган эмес болчу, - деди. Андан бир периште түштү. Ошондо Жебрейил: – Бул – жерге түшкөн бир периште. Бүгүндөн башка ал эч качан түшкөн эмес эле, - деди. Периште салам берип, мындай деди: – Сенден мурунку эч бир пайгамбарга берилбеген, сага гана берилген эки нур менен сүйүн: (Алар) Фатиха сүрөсү жана Бакара сүрөсүнүн акыркы аяттары. Сен ал экөөнөн кайсы бир тамганы окусаң да, ал сага сөзсүз берилет».

«بَيْنَمَا جِبْرِيلُ قَاعِدٌ عِنْدَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ سَمِعَ نَقِيضًا مِنْ فَوْقِهِ، فَرَفَعَ رَأْسَهُ، فَقَالَ: هَذَا بَابٌ مِنَ السَّمَاءِ فُتِحَ الْيَوْمَ لَمْ يُفْتَحْ قَطُّ إِلَّا الْيَوْمَ، فَنَزَلَ مِنْهُ مَلَكٌ، فَقَالَ: هَذَا مَلَكٌ نَزَلَ إِلَى الْأَرْضِ لَمْ يَنْزِلْ قَطُّ إِلَّا الْيَوْمَ، فَسَلَّمَ، وَقَالَ: أَبْشِرْ بِنُورَيْنِ أُوتِيتَهُمَا لَمْ يُؤْتَهُمَا نَبِيٌّ قَبْلَكَ: فَاتِحَةُ الْكِتَابِ، وَخَوَاتِيمُ سُورَةِ الْبَقَرَةِ، لَنْ تَقْرَأَ بِحَرْفٍ مِنْهُمَا إِلَّا أُعْطِيتَهُ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Жебрейил периште (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында отурганда, асмандан эшик ачылгандагыдай бир үн укту. Жебрейил башын көтөрүп, асманды карады да, анан Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул асмандан бүгүн ачылган эшик экенин жана ал ушул күнгө чейин эч качан ачылбаганын айтты. Андан жерге периштелерден бир периште түштү. Ал ушул күнгө чейин эч качан түшкөн эмес эле. Периште Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам берип, ага мындай деди: Сүйүн! Сага сенден мурдагы бир да пайгамбарга берилбеген эки нур берилди; алар: Фатиха сүрөсү жана Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аяты. Андан кийин периште: Кимде-ким ал экөөнөн бир тамга окуса да, Аллах Таала ага ал экөөндө камтылган жакшылыкты, дубаны жана суралган нерсени сөзсүз берет, – деди.

Хадистин пайдалары

Фатиха сүрөсүнүн жана Бакара сүрөсүнүн акыркы аяттарынын пазилети жана ал экөөнү окууга, аларда камтылгандарга амал кылууга үндөө.

Асмандын эшиктери бар, алардан Аллахтын буйругу түшөт жана алар Аллах Тааланын буйругу менен гана ачылат.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинин алдындагы кадыр-баркын баяндоо. Аллах Таала ага чейинки пайгамбарларга көрсөтпөгөн урмат менен аны урматтап, бул эки нурду ага берген.

Жакшылык менен сүйүнчүлөө – бул Аллахка чакыруунун ыкмаларынын бири.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 554) (806).

Сахих Муслим (1/ 554) (806).

Дагы (20)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 244).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 700).

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

لعلي القاري (4/ 1464).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 760).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (13/ 122).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 244).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 700).

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

لعلي القاري (4/ 1464).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 760).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (13/ 122).