Skip to content

"Кимде-ким никенин акысын бере алса, анда үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көзгө көшөгө жана зынадан коргоочу болот. Кимде-ким никенин акысын бере албаса, анда ага орозо кармоо зарыл, анткени орозо аны бычкан сыяктуу шакыбатын токтотот".

Абдуллах бин Масуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болчубуз. Бир маалда ал мындай деди:

"Кимде-ким никенин акысын бере алса, анда үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көзгө көшөгө жана зынадан коргоочу болот. Кимде-ким никенин акысын бере албаса, анда ага орозо кармоо зарыл, анткени орозо аны бычкан сыяктуу шакыбатын токтотот".

«مَنِ اسْتَطَاعَ البَاءَةَ فَلْيَتَزَوَّجْ، فَإِنَّهُ أَغَضُّ لِلْبَصَرِ، وَأَحْصَنُ لِلْفَرْجِ، وَمَنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَعَلَيْهِ بِالصَّوْمِ، فَإِنَّهُ لَهُ وِجَاءٌ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялынын жыныстык кумарын кандырууга жарактуу жана аны каржылоого мүмкүнчүлүгү бар жигиттерди батыраак үйлөнүүгө үндөгөн. Анткени, үйлөнүү адамды көзүн арамга артуудан, зынага же башка бузук ишке баруудан сактайт. Ал эми нике менен бүлөсүн каржылоого мүмкүнчүлүгү жок бирок жыныстык катнашка жарактуу болсо, анда аны орозо кармоого үндөйт. Анткени, орозо адамдын кумар каалоосун басаңдатат.

Хадистин пайдалары

Ислам дини жаман, бузуку иштерден сак болууну алдын алат.

Ошондой эле никенин акысын бере албагандарды орозо кармоого үндөгөн; анткени орозо адамдын кумар каалоосун басаңдатат.

Орозону "бычып коюуга" окшоткону, бычканда уруктук чыгуучу бездер алып салынып аны менен кошо кумар каалоосу жоголот. Ошол сыяктуу орозо да кумар каалоону алсыздатат.

Булактар

Сахих ал-Бухари (3/ 26) (1905).

Сахих Муслим (2/ 1018) (1400).

Дагы (6)

الإلمام بشرح عمدة الأحكام للشيخ.

لإسماعيل الأنصاري (2/ 57).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص565).

خلاصة الكلام شرح عمدة الأحكام.

لفيصل آل مبارك (ص281).