Skip to content

"Балдарыңарды жети жашка чыкканда намаз окууга буйругула, он жашка чыкканда (окубаса, эскертүү үчүн акырын) ургула жана (кыз менен баланын) жаткан орундарын бөлгүлө".

Амир бин Шуъайб атасынан чон атасынын айтканын минтип айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Балдарыңарды жети жашка чыкканда намаз окууга буйругула, он жашка чыкканда (окубаса, эскертүү үчүн акырын) ургула жана (кыз менен баланын) жаткан орундарын бөлгүлө".

«مُرُوا أولادكمِ بالصلاةِ وهم أبناءُ سبعِ سِنينَ، واضرِبوهم عليها وهم أبناءُ عَشرٍ، وفرِّقوا بينهم في المَضاجِعِ».

Абу Дауд жазып калтырган.
Хасан (жакшы)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ата балдарын (уулбу, кызбы айымасы жок) жети жашында намазга буйруусун жана намаз окуу үчүн эмнени билиш керек болсо, аны үйрөтүү керектигин айткан. Ал эми он жашка чыкканда да намаз окубаса буйругандан сырткары уруу керектигин жана (ушул жашка чыккан уул бала менен кыз баланын) төшөгүн ажыратуу керектигин айткан.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Балдар балакат жаш курагына жеткенге чейин эле дин иштерин үйрөтүү зарыл, бул иштердин эң маанилүүсү - намаз.

Баланы уруу аны азаптоо эмес, ага адеп берүү үчүн, б.а. аны абалына жараша гана урат.

Шарият намысты сактоого жана бузукулукка алып бара турган бардык жолдорду тосууга көңүл бурат.

Булактар

Сунан Абу Дауд (1/ 367) (495.

496).

Дагы (4)

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

مجموعة من الباحثين (1/ 299).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 382).