Skip to content

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканага кирээрде: "Аллахым, жиндердин эркек, ургаачысынын жамандыгынан сактоону Өзүңдөн тилейм" деп айтчу.

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканага кирээрде: "Аллахым, жиндердин эркек, ургаачысынын жамандыгынан сактоону Өзүңдөн тилейм" деп айтчу.

كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا دَخَلَ الخَلاَءَ قَالَ: «اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الخُبُثِ وَالخَبَائِثِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заара же заңдоо үчүн ажетин өтөй турган жерге кирүүнү каалаганда, Аллахтан коргоо тилөөчү жана шайтандын эркек жана ургаачысынын жамандыгынан сактагын деп Ага сүйөнчү. Ал-Хубс вал-Хабааис деген сөздөр, жамандык жана ыпластык деп да чечмеленет.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Ажатканага кирээрде ушул дубаны айтуу жакшы.

Бардык калайык-макулуктар ар кандай абалда аларга зыян тийгизүүчү же ыза берүүчү нерседен сактанууда Раббисине муктаж.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 40) (142).

Сахих Муслим (1/ 283) (375).

Дагы (4)

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 23).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

للبسام (ص36).