"Аллах каалады жана баланча каалады" деп айтпагыла. Анын ордунда: "Аллах каалады андан кийин баланча каалады" - дегиле".
Хузайфанын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Аллах каалады жана баланча каалады" деп айтпагыла. Анын ордунда: "Аллах каалады андан кийин баланча каалады" - дегиле".
«لَا تَقُولُوا: مَا شَاءَ اللهُ وَشَاءَ فُلَانٌ، وَلَكِنْ قُولُوا: مَا شَاءَ اللهُ ثُمَّ شَاءَ فُلَانٌ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адамды: "Аллах каалады жана баланча каалады" деп айтуудан тыйган. Же Аллах жана баланча каалады деп айтуудан; Мунун себеби, Аллахтын каалоосу жана каалоосун ишке ашыруусу абсолюттук түрдө Анын Өзүнө гана тиешелүү, ага эч ким шерик боло албайт. Жана деген маанини билдирген (Вав) байламтасын колдонгондо, кимдир бирөөнүн Аллахка шерик болгону жана Аны менен бирдей болуп калды деген маани туюунулат. Тескерсинче: Аллах каалады, кийин баланча каалады деп айтуу керек. "Вав" деген тамаганын ордуна кийин деген маанини билдирген "сумма" деген тамганы колдонсо, пенденин каалоосу Аллахтын каалоосунан кийин болгонун билдирет, анткени "сумма" бир иштин экинчи иштен бираздан кийин (дароо эмес) болгонун туюндурат.
...:
"Аллах каалады жана сен кааладың" деп айтууга тыюу салынган (арам). Жана башка ушул сыяктуу "вав" байламтасы менен айтылган сөздөр, сөзгө тиешелүү ширктерден болгону үчүн айтууга тыюу салынган.
"Аллах каалады анан сен кааладың" деп айтуу жайыз, уруксат. Жана башка ушул сыяктуу "сумма" деген байламта менен айтылган сөздөр, аларга тыюу салынбаганы үчүн айтууга уруксат.
Аллахтын да каалоосу бар, пенденин да каалоосу бар. Пенденин калоосу Аллахтын каалоосунан кийин аны ээрчүүчү каалоо.
Аллахтын каалоосуна калайыкты сөз менен болсо да шерик кылууга тыюу салынган.
Сүйлөөчү адам эгер пенденин каалоосу Аллах Тааланын каалоосу сыяктуу, ар тараптуу жана абсолюттук жагынан ага барабар деп ишенип, этикат кылса же пенденин өз алдынча каалоосу бар деп ишенип этикат кылса, анда бул чоң ширк болот. Ал эми эгер пенденин каалоосу Аллах Тааланын каалоосунан төмөн деп ишенип этикат кылса, бул кичине ширк болот.
Сунан ал-Кубра лин-Насааи (9/ 361) (10755).
Сунан Абу Дауд (7/ 334) (4980).
Муснад Ахмад (38/ 299) (23265).
(38/ 364) (23339).
Дагы (4)
الجديد في شرح كتاب التوحيد.
لمحمد القرعاوي (ص368).
الملخص في شرح كتاب التوحيد.
لصالح الفوزان (ص329).
Китептерде келтирилген
6 КитептерДагы (5)
- التوحيد في ضوء عقيدة الإمام الشافعي رحمه الله ونصوصه ومروياته"لا تقولوا: ما شاء الله وشاء فلان، ولكن قولوا: ما شاء الله ثم شاء فلان"([131]).
- الدروس المهمة لعامة الأمة«لا تَقُولُوا: مَا شَاءَ اللَّهُ وَشَاءَ فُلانٌ، وَلَكِنْ قُولُوا: مَا شَاءَ اللَّهُ ثُمَّ شَاءَ فُلانٌ»[5]
- خذ عقيدتك من الكتاب والسنة الصحيحة«لا تقولوا ما شاء الله وشاء فلان، ولكن قولوا: ما شاء الله ثم شاء فلان»
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 8«لا تَقُولوا: مَا شاء اللهُ وشاءَ فُلانٌ، ولكنْ قُولوا: مَا شاءَ اللهُ، ثُمَّ شاءَ فُلانٌ».
- كتاب التوحيدكتاب التوحيد للشيخ محمد بن عبد الوهاب((لَا تَقُولُوا: مَا شَاءَ اللَّهُ وَشَاءَ فُلَانٌ، وَلَكِنْ قُولُوا: مَا شَاءَ اللَّهُ ثُمَّ شَاءَ فُلَانٌ))