Skip to content

Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад анын элчиси экендигине күбөлүк берүүгө, намаз окууга, зекет берүүгө, (башчыны) угууга жана баш ийүүгө, бардык мусулмандарга насаат кылууга ант-убада бердим.

Жарир бин Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад анын элчиси экендигине күбөлүк берүүгө, намаз окууга, зекет берүүгө, (башчыны) угууга жана баш ийүүгө, бардык мусулмандарга насаат кылууга ант-убада бердим.

بَايَعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَلَى شَهَادَةِ أَنْ لاَ إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ، وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللَّهِ، وَإِقَامِ الصَّلاَةِ، وَإِيتَاءِ الزَّكَاةِ، وَالسَّمْعِ وَالطَّاعَةِ، وَالنُّصْحِ لِكُلِّ مُسْلِمٍ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Сахаба Жарир бин Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү иштерге ант-убада бергенин айтат: тавхидди карманууга, бир суткада күнү-түнү окулчу беш убак парз намазды, үрүкүн, ваажыб, сүннөттөрүн аткарып толук окууга, парз зекетти берүүгө, ал байлардан алынып, татыктуу кембагалдарга бериле турган мал-мүлккө тиешелүү ибадат, башчыларга баш ийүүгө жана бардык мусулмандарга насаат кылууга. Анткени насаат сөз менен жана амал менен болуп, ага пайдасын тийгизип, жакшылыкка жетүүсүнө, андан жамандыктын кетүүсүнө умтулуу менен болот.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Намаз менен зекет өтө маанилүү, булар экөө тең Ислам түркүктөрүнөн.

Насаат кылуу жана мусулмандардын ортосунда бири-бирине кеңеш берүү маанилүү иштерден. Ошон үчүн Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан ушуга ант-убада алган.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 111) (524).

(3/ 72) (2157).

Сахих Муслим (1/ 75) (56).

Дагы (8)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 272).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص145).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (2/ 398).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 206).