Өлүм сааты келип калган адамга: "Лаа илааха иллаллах" келимесин айтып тургула.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالجنائزالموت وأحكامه
Абу Саид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Өлүм сааты жакындап калган адамга: "Лаа илааха иллаллах" келимесин айтып тургула».
«لَقِّنُوا مَوْتَاكُمْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өлүм алдында жаткан адамдын жанында "Лаа илааха иллаллаах" тавхид сөзүн ал да кайталап айтып, акыркы айтканы келме болуусу үчүн улам-улам кайталап айтып турууга үндөгөн.
Өлүмү жакындаган адамга ыйман келмесин айттыруу жакшы.
Эгер жан берип жаткан адам келмени айкын айтса, же айтканы байкалса, ага кайра-кайра кайталоо жана эстетүү макирөө болот. Анткени ал тажап, ылайыксыз сөздөрдү айтып жиберүүсу мүмкүн.
Ан-Навави минтип айткан: Эгерде өлүмү жакындаган адам келмени бир жолу айтса, ага кайра кайталанбайт. Бирок андан кийин башка бир сөз сүйлөп жиберсе, анын акыркы сөзү келме болушу үчүн кайрадан эскертилет.
Бул хадис жан берип жаткан адамга эскертүү жана көңүлүн тынчтандыруу үчүн анын жанында болууну, көзүн жумууну жана анын акыларын аткарууну камтыйт.
Өлгөндөн кийин жана көмүлгөн соң кабырдын жанында талкин айтуу шариятта уруксат берилген эмес. Анткени, Пайгамбар (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай кылган эмес.
Сахих Муслим (2/ 631) (916).
Сахих Муслим (2/ 631) (916).
Дагы (2)
المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (2/ 569).
المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (2/ 569).