"Жума күнү жуунуу, тишин мисвак менен тазалоо жана эгер таба алса жыттуу нерсени себинүү ар бир балакат жаш курагына жеткен мусулманга ваажыб".
Амр бин Сулайм ал-Ансари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Мен күбөлүк берем, Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: «Мен күбөлүк берем, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Жума күнү жуунуу, тишин мисвак менен тазалоо жана эгер таба алса жыттуу нерсени себинүү ар бир балакат жаш курагына жеткен мусулманга ваажыб".
«الغُسْلُ يَوْمَ الجُمُعَةِ وَاجِبٌ عَلَى كُلِّ مُحْتَلِمٍ، وَأَنْ يَسْتَنَّ، وَأَنْ يَمَسَّ طِيبًا إِنْ وَجَدَ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума окуу ваажыб болгон бардык балакат жаш курагындагы эркек мусулмандарга жума күнү жуунуу ваажыб сыяктуу бекемделген сүннөт экенин айткан. Жана тишин мисвак же щетка менен тазалоо, жыттуу нерселерди себинүү да ваажыб.
...:
Балакатка жеткен ар бир мусулман эркектин жума күнү жуунуусу жакшы экени бекемделип айтылган.
Тазалык, жаман жыттан оолак болуу мусулманга шарият тарабынан талап кылынган.
Жума күнү улуктоо жана ага даярдануу зарыл.
Жумага мисвак менен тишин тазалап баруу жакшы экендиги бекемделип айтылган.
Жумага баруудан мурда кандай болсо да жыттуу нерсени себинип, же сүртүнүү жакшы көрүлгөн амалдардан.
Аял киши намазга же башка жакка үйүнөн чыкса, жыттуу нерсени себинүүгө болбойт, мындай кылуу арам экени сүннөттө айтылган.
Балакат жаш курагына жеткенин төмөнкүдөй белгилер менен аныкталат, алардын үчөөсү эркекке да, аялга да тиелешүү: биринчи: он беш жашка толуу; экинчи: аврет жерлерине калың түктүн чыгуусу, үчүнчү: маани суусунун түш көрүп, же түш көрбөй эле кумарлануу менен атып чыгуусу. Ал эми төртүнчү белгиси бул аялдарга гана тиешелүү: айыз канынын келүүсү, айызы келген кыз балакат жаш курагына жеткен болуп эсептелет.
Сахих ал-Бухари (2/ 3) (880).
Сахих Муслим (2/ 580) (846).
(6/ 134).
Дагы (11)
مختار الصحاح.
لزين الدين الرازي (ص155).
شرح صحيح البخاري.
لابن بطال (2/ 468).
شرح النووي على مسلم.
توضيح الأحكام شرح بلوغ المرام.
للبسام (1/ 382).
فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (1/ 330).
منار القاري شرح مختصر صحيح البخاري.
لحمزة قاسم (2/ 234).
Китептерде келтирилген
4 Китептер- Азанчы, имам, хатиб жана мечиттердин өкүмдөрүнүн пайдалуу жана кыскача колдонмосу"Жума күнү гусул алуу, тишин мисвак менен тазалоо жана эгер таба алса атыр себинүү ар бир балагатка жеткен мусулманга ваажиб."
- Пайгамбарыбыздын мечитинин артыкчылыктары жана анда сакталчу адептер, Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын эки жакын жолдошунун (Абу Бакр менен Умар) кабырын зыярат кылуунун өкүмдөрү.فضائل وآداب المسجد النبوي، وأحكام زيارة قبر النبي عليه الصلاة والسلام وقبري صاحبيه«Жума күнү жуунуу, тишин мисвак менен тазалоо жана эгер таба алса жагымдуу жыттардан сүйкөнүү ар бир балагат куракка жеткен кишиге милдет (важиб)»[7],