Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

القَدر

القَدر is chapter 97 of the Quran and has 5 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

5 Аяттар Сүрөнүн номери 97
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

إِنَّآ أَنزَلۡنَٰهُ فِي لَيۡلَةِ ٱلۡقَدۡرِ

Чынында, Биз аны (Куранды) Кадыр Түнүндө түшүрдүк.

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا لَيۡلَةُ ٱلۡقَدۡرِ

Кадыр түн эмне экенин (эгер Биз үйрөтпөсөк,) сен кайдан билмек элең?!

Explanation & meanings · 1
  1. Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам не окууну, не жазууну билбеген сабатсыз (уммий) киши эле. Ага бардык илимди, ошонун арасынан Кадыр түнү жөнүндөгү илимди да Аллах тааланын Өзү Жебирейил периште аркылуу үйрөткөн.

لَيۡلَةُ ٱلۡقَدۡرِ خَيۡرٞ مِّنۡ أَلۡفِ شَهۡرٖ

Кадыр түнү миң айдан да жакшы.

تَنَزَّلُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ فِيهَا بِإِذۡنِ رَبِّهِم مِّن كُلِّ أَمۡرٖ

(Анткени,) бул түнү периштелер жана Рух (Жебирейил) Раббисинин уруксаты боюнча, ар түрдүү иштер менен (жер бетине ) түшүшөт.

سَلَٰمٌ هِيَ حَتَّىٰ مَطۡلَعِ ٱلۡفَجۡرِ

Ал таңга чейин саламаттык(тын түнү)!

Explanation & meanings · 1
  1. Анткени, бул түнү Рамазан айынын бардык түндөрү сыяктуу, адамдарды азгыра турган шайтандар кишенделген болот.