Skip to content
الشُّورى /

Аят 14

42 : 14

Аят 14 of الشُّورى (42 : 14). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

الشُّورى Аяттар 53
42 : 14

وَمَا تَفَرَّقُوٓاْ إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَهُمُ ٱلۡعِلۡمُ بَغۡيَۢا بَيۡنَهُمۡۚ وَلَوۡلَا كَلِمَةٞ سَبَقَتۡ مِن رَّبِّكَ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى لَّقُضِيَ بَيۡنَهُمۡۚ وَإِنَّ ٱلَّذِينَ أُورِثُواْ ٱلۡكِتَٰبَ مِنۢ بَعۡدِهِمۡ لَفِي شَكّٖ مِّنۡهُ مُرِيبٖ

Алар өздөрүнө (Аллах тарабынан) илим (Тоорат, Инжил) келгенден кийин гана, өз ара көралбастыктан улам бөлүнүп кетишти. Жана эгер Раббиң тарабынан алдын ала айтылган «белгилүү мөөнөткө чейин (азабы кечиктирилет) деген» Сөз болбогондо (каапырлар кыйратылып) алардын арасы (эчак эле) ажырым кылып коюлмак. Алардан кийин Китепке мураскор кылынган урпактар деле Андан (Тоораттан, Инжилден) катуу шектенүүдө болушту.

Explanation & meanings · 1
  1. Аз гана бөлүгү Китепти ээрчип, тавхид (жалгыз Аллахка сыйынуу) ишениминде калды. Көпчүлүк бөлүгү буларга душман болушту.