Skip to content
النِّسَاء /

Аят 51

4 : 51
النِّسَاء Аяттар 176
4 : 51

أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ أُوتُواْ نَصِيبٗا مِّنَ ٱلۡكِتَٰبِ يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡجِبۡتِ وَٱلطَّٰغُوتِ وَيَقُولُونَ لِلَّذِينَ كَفَرُواْ هَٰٓؤُلَآءِ أَهۡدَىٰ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ سَبِيلًا

Китептен үлүш берилген адамдарга карабайсыңбы: Алар “жибт” жана “тагут(тар)га” сыйынып жатышат жана каапырлар тууралуу (аларга жагынып, ыйманды жек көрүп): “Ошолор ыйман келтиргендерге караганда туура жолдо” деп жатышат.

Explanation & meanings · 2
  1. Жибт жана тагут - Аллахтан башка, жасалма кудайлардын аталыштары.
  2. Бул сөздөрдү айткандар, пайгамбарыбызга жана момун-мусулмандарга ичи тарлык кылган эң адепсиз, табияты бузук, акыл-эси өтө төмөн яхудийлер жамааты. Алар ушунчалык “эсин жеп” койгондуктан Аллахтан башка таш - кудай, жыгач - кудайларга, шайтандарга.., деги эле сыйынбагандын бардыгына сыйынышат. Аятта айтылган “жибт” менен “тагут” ошол, Аллахтан башка кудайлардын жалпы аты. Ошондой эле, сыйкырчылык менен палчылык (көзү ачыктык) дагы “жибт”, “тагутка” кошулат. Алардын, пайда-зыян келтире албаган, дубаларды укпаган таш кудайларга сыйынган каапырларды момун-мусулмандардан туура жолдо деп айткандары ичи тарлыктан, көралбастыктан, кем акылдыктан башка нерсе эмес!