39 : 43
أَمِ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ شُفَعَآءَۚ قُلۡ أَوَلَوۡ كَانُواْ لَا يَمۡلِكُونَ شَيۡـٔٗا وَلَا يَعۡقِلُونَ
Же болбосо, (мушриктер) Аллахтан башка (кудайларды) шапаатчылар кылып алыштыбы?! Айткын: «Эгер акылы жок жана эч нерсеге кожоюн болбосо делеби?».
Explanation & meanings · 1
- «Шапаат» - бул күнөөнү кечириши үчүн пенденин атынан Аллахка кайрылуу. Аллах мындай укукту акылы жок «кудайларга» берген эмес. Ал «кудайлар» не Аллахтын алдында, не ушул дүйнөдө кыпындай нерсеге да кожоюн эмес.