Skip to content
العَنكبُوت /

Аят 38

29 : 38
العَنكبُوت Аяттар 69
29 : 38

وَعَادٗا وَثَمُودَاْ وَقَد تَّبَيَّنَ لَكُم مِّن مَّسَٰكِنِهِمۡۖ وَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ أَعۡمَٰلَهُمۡ فَصَدَّهُمۡ عَنِ ٱلسَّبِيلِ وَكَانُواْ مُسۡتَبۡصِرِينَ

(Ошондой эле) Аад, Самуд элдерин да (кыйраттык). Силерге алардын жашаган орундары(нын ойрондолгон издери) анык билинип турат. (Кыйраган себептери) шайтан аларга (бузук) иштерин кооздоп көргөзгөн жана (ак) жолдон тоскон. Бирок алардын акыл-эси жайында эле.

Explanation & meanings · 1
  1. Алардын акыл-эси жайында болгон. Күнөө ишке, көрүп, билип туруп барышкан. Эч ким эч кандай таасир менен алардын акылын уурдап албаган. Болгону, Шайтан аларга күнөө иштерин кооз көргөзгөн. Демек, алар Кыяматта «билбей калыптырбыз» деп шылтоо-себеп айта албайт.