25 : 20
وَمَآ أَرۡسَلۡنَا قَبۡلَكَ مِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ إِلَّآ إِنَّهُمۡ لَيَأۡكُلُونَ ٱلطَّعَامَ وَيَمۡشُونَ فِي ٱلۡأَسۡوَاقِۗ وَجَعَلۡنَا بَعۡضَكُمۡ لِبَعۡضٖ فِتۡنَةً أَتَصۡبِرُونَۗ وَكَانَ رَبُّكَ بَصِيرٗا
(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун Биз жиберген бардык пайгамбарлар тамак-аш жеп, базарларда жүрүшкөн. Биз бирөөңөрдү бирөөңөргө сыноо кылып койдук. (Бул сыноолорго) сабыр кыла аласыңарбы? Сенин Раббиң (бардыгын) Көрүүчү!
Explanation & meanings · 1
- Пайгамбарлар элдерге сыноо. Себеби, кээ бирөөлөр «Пайгамбар деген базарда жүрөт бекен?» деп, сыноодон кулап калышкан. Пайгамбарлардын өзүнө элдерди чакыруу (даават) иши сыноо. Кембагалга байлык сыноо, байларга кедейлик сыноо..., Кыскасы, бул дүйнө баштан-аяк сыноо.