22 : 15
مَن كَانَ يَظُنُّ أَن لَّن يَنصُرَهُ ٱللَّهُ فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِ فَلۡيَمۡدُدۡ بِسَبَبٍ إِلَى ٱلسَّمَآءِ ثُمَّ لۡيَقۡطَعۡ فَلۡيَنظُرۡ هَلۡ يُذۡهِبَنَّ كَيۡدُهُۥ مَا يَغِيظُ
Кимде-ким Аллах ага (пайгамбарына) дүйнө-акыретте жардам бере албайт деп ойлосо, бир себеп менен асманга көтөрүлсүн дагы кийин, (Аллахтын жардамын) кесип таштасын (эгер колунан келсе). Анан карасын: өзүнүн бул айла-амалдары анын көралбастыгын кетире алар бекен.
Explanation & meanings · 1
- Эгер ал мушрик пайгамбардын жеңиштеринен ичи өрттөнүп баратса, бул өрттү өчүрүп, жанын жай алдыруунун бир гана амалы бар. Ал да болсо, асманга аркан сыяктуу нерсе менен асылып чыгып пайгамбарга келе жаткан жардамдарды кесип салсын. Эгер колунан келбесе өз майына куурулуп жүрө берсин!