2 : 215
يَسۡـَٔلُونَكَ مَاذَا يُنفِقُونَۖ قُلۡ مَآ أَنفَقۡتُم مِّنۡ خَيۡرٖ فَلِلۡوَٰلِدَيۡنِ وَٱلۡأَقۡرَبِينَ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِۗ وَمَا تَفۡعَلُواْ مِنۡ خَيۡرٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ بِهِۦ عَلِيمٞ
Сенден эмнени (кандайча) кайыр-садака кылуу керектигин сурашат. Айткын: “(Колуңардан келген) садакаңар ата-энеңер үчүн, жакын тууганыңар үчүн, жетимдер үчүн, мискиндер (бей-бечаралар) үчүн жана мусапырлар үчүн болсун. Деги эле, кандай жакшылык - садака кылчу болсоңор, аныңарды Аллах Билүүчү.
Explanation & meanings · 1
- Бул аятта Аллах кимге эң биринчи кайыр - садака (жакшылык) кылуу керектигин тизме менен көргөзүп берди. “Деги, кандай эле садака кылчу болсоңор” деген сөздөн садаканын чен-өлчөмү жок экени маалым болот. Жана бул сөздөн жогоруда саналгандардан башкаларга да садака кылуу мүмкүн экени түшүнүлөт.