Skip to content
البَقَرَة /

Аят 138

2 : 138
البَقَرَة Аяттар 286
2 : 138

صِبۡغَةَ ٱللَّهِ وَمَنۡ أَحۡسَنُ مِنَ ٱللَّهِ صِبۡغَةٗۖ وَنَحۡنُ لَهُۥ عَٰبِدُونَ

Аллахтын бойогу (дини менен бойонгула). Ким Аллахтан жакшыраак бойой алат?! Жана “Биз Ага гана ибадат кылуучубуз” (дегиле).

Explanation & meanings · 1
  1. Чынында, Аллахтын дини – бойок сыяктуу. Эгер мусулман адам Дин-Ислам эрежелеринин бардыгын карманып жүрсө, жатканда, турганда, иштегенде, адамдар менен мамилесинде диний баалуулуктарды сактаса жана динчилдик анын табиятына айланып калса, ал адам дароо эле башкалардан өзгөчөлөнүп, жакшы жагына өзгөрүп калат.