Skip to content
البَقَرَة /

Аят 114

2 : 114

Аят 114 of البَقَرَة (2 : 114). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

البَقَرَة Аяттар 286
2 : 114

وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّن مَّنَعَ مَسَٰجِدَ ٱللَّهِ أَن يُذۡكَرَ فِيهَا ٱسۡمُهُۥ وَسَعَىٰ فِي خَرَابِهَآۚ أُوْلَٰٓئِكَ مَا كَانَ لَهُمۡ أَن يَدۡخُلُوهَآ إِلَّا خَآئِفِينَۚ لَهُمۡ فِي ٱلدُّنۡيَا خِزۡيٞ وَلَهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٞ

Анын ичинде Өз(үнүн улуу) ысымы зикир кылына турган Аллахтын мечиттеринен тыйган жана аларды бузуп-талкалоого аракет кылган адамдардан өткөн заалым (каапыр) барбы?! Алар мечиттерге Аллахтан корккон абалда гана кирүүгө мүмкүн. Алар үчүн бул дүйнөдө шерменделик, акыретте чоң азап бар.

Explanation & meanings · 1
  1. Эгер мечиттерди бузуу эң чоң заалымдык болсо, демек, түз жана көчмө маанисинде мечиттерди куруу (аларды намаз окуучулар менен толтуруу) эң чоң ыймандуулук экен. Аллах дагы бир аятта: { إِنَّمَا يَعْمُرُ مَسَاجِدَ اللَّهِ مَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ } “Албетте, Аллахтын мечиттерин Аллахка жана акырет күнүнө ишенген, намаз окуп, зекет берген жана Аллахтан башка эч кимден коркпогон адамдар гана курушат” – деген.