14 : 24
أَلَمۡ تَرَ كَيۡفَ ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا كَلِمَةٗ طَيِّبَةٗ كَشَجَرَةٖ طَيِّبَةٍ أَصۡلُهَا ثَابِتٞ وَفَرۡعُهَا فِي ٱلسَّمَآءِ
(О, инсан), Аллах таза сөздү (ыйман келмесин) таза даракка (курмага) окшотуп мисал келтиргенин карабайсыңбы. Ал дарактын тамыры (жер койнунда) бекем, бутактары болсо, асманда.
Explanation & meanings · 1
- Ыйман дарагынын тамыры “Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Мухаммад Анын элчиси” деген ыйман келмеси. Дарактын тамыры жерге бекем сайылып тургандай, адамдын жүрөгүнө бекем орношкон ыйманы жакшы ибадат, адеп-ахлак, ж.б.у.с мөмөлөрдү берет.