13 : 21
وَٱلَّذِينَ يَصِلُونَ مَآ أَمَرَ ٱللَّهُ بِهِۦٓ أَن يُوصَلَ وَيَخۡشَوۡنَ رَبَّهُمۡ وَيَخَافُونَ سُوٓءَ ٱلۡحِسَابِ
Жана алар (акылын иштеткендер) Аллах улаганга буюрган мамилелерди улашат жана (эгер улабай койсо) Раббисинен жана жаман эсепке туш болуп калуудан коркушат.
Explanation & meanings · 1
- Аллах Өзү менен пендесинин арасын Өзүнө гана ибадат кылуу менен, пенде менен пайгамбардын арасын ага моюн сунуу менен, пенде менен ата-эне, тууган-уруктун арасын аларга ырайым көргөзүп, катташып, мамиле кылуу менен, пенде менен башка пенделердин арасын аларга адилет мамиле кылуу менен улаганга буюрган.