11 : 37
وَٱصۡنَعِ ٱلۡفُلۡكَ بِأَعۡيُنِنَا وَوَحۡيِنَا وَلَا تُخَٰطِبۡنِي فِي ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ إِنَّهُم مُّغۡرَقُونَ
(О, Нух!) Биздин Көз алдыбызда вахий-таалимибиз боюнча (чоң) кеме жаса жана залым адамдар(ды өлтүрүү) жөнүндө мага кайрылбай эле кой. (Тагдырдагы «иш» бүткөн:) Алар – чөктүрүлгөндөр!
Explanation & meanings · 1
- Аллах таала көбүнчө Өзүнүн тагдыр китебинде жазылган бирок, боло элек нерселерди "болду" маанисинде сүйлөйт.