Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 113

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (56)
«Мисвак колдонуу оозду тазартат жана Раббимдин ыраазылыгына жеткирет».
Сахих (ишенимдүү) Ан-Насааи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيسنن الفطرة والسواكموضوعات الحديثسنن الفطرة
Аллах Тааланын: «... жана ким анын ичинде акыйкаттан бурулуп, зулумдук (күнөө) кылууну кааласа, ага Биз жан ооруткан азапты таттырабыз». (Хаж сүрөсү, 25-аят) - деген сөзү жөнүндө ал мындай деген: "Эгерде бир адам анын ичинде (Харам Мечитинде) акыйкаттан бурулууну ниет кылса, ал Адан Абянда болсо да, Аллах ага жан ооруткан азапты таттырат."
Сахих (ишенимдүү) Ахмад жана Хааким риваят кылган.
التصنيف الشرعيأسباب النزول
"Кайсы бир аял өзүнүн өкүлүнүн (валисинин) уруксаты жок никеге турса, анын никеси батыл (жараксыз) болот - (муну үч ирет кайталады) -. Эгерде эркек ал аялга жакындык кылса, анда ага жакындык кылганы себептүү аялга махыр берилет. Эгерде алар талашып-тартышса, анда өкүлү (валиси) жоктор үчүн султан (башчы) өкүл болот."
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالنكاح
Мен: О, Аллахтын элчиси, мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيتزكية النفوس، الإيمان بالله عز وجل، الإسلام، الإيمانموضوعات الحديثالإيمان بالله تعالى
«Мушриктерге каршы малыңар, жаныңар жана тилиңер менен күрөшкүлө».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насаи жана Ахмад риваят кылган.
التصنيف الشرعيحكم الجهاد وفضله
"Ажылык менен умраны биринин артынан бирин аткаргыла. Анткени ал экөө көөрүк темирдин, алтындын жана күмүштүн датын кетиргендей, жакырчылыкты жана күнөөнү кетирет. Кабыл болгон ажылыктын сыйлыгы - бейиш гана болот."
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, ан-Насаи жана Ахмад риваят кылган.
التصنيف الشرعيفضل الحج والعمرة
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарынын биринин риваятында – Абу Амир айтат: Наафи: «Менимче ал аял Хафса болуш керек» деген – андан Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кырааты жөнүндө суралганда, ал: «Чынында, силердин буга күчүңөр жетпейт» - деди. Андан: «Аны бизге айтып берчи» - деп суранышты. Анан ал шашпай даана кыраат кылып окуп берди. Абу Амир айтат: Наафи айтты: Ошондо Ибн Абу Мулайка бизге минтип окуп көрсөттү: "Ааламдардын Раббиси болгон Аллахка мактоо болсун" [Фатиха: 2], анан бир азга токтоду. Анан "Мээримдүү, Ырайымдуу" [Фатиха: 1], дагы бир аз токтоду. анан: "Кыямат күнүнүн ээси" деп окуду.
Сахих (ишенимдүү) Ахмад жазып калтырган.
"Ким үч жуманы кайдыгерлик менен калтырса, Аллах анын жүрөгүнө мөөр басат."
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيفضل يوم وصلاة الجمعة