Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 76

Чыпкаларды алып салуу
«Кайыптын ачкычтары (илими) бешөө: "Кыямат качан болушун бир гана Аллах билет. Ал (асмандан) жамгыр жаадырат. (Бир Өзү гана) жатындагы түйүлдүктү(н тагдырын) билет. Эч бир жан эртең эмне иш жасаарын биле албайт. Эч ким кай жерде (кантип) өлүшүн биле албайт. Чынында, Аллах (баарын) Билүүчү, (баарынан) Кабардар».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيتوحيد الألوهية، تفسير الآيات
«Аллах жолунда пенденин эки буту чаң болсо, ага тозок оту тийбейт».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
«Тозок напсинин кумарлары менен курчалган. Ал эми бейиш кыйынчылыктар менен курчалган».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل أعمال الجوارح، ذَمُّ الهوى والشَّهوات، صفات الجنة والنارموضوعات الحديثالإيمان باليوم الآخرمحاور التعريف بالإسلامالجنة، النار
"Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жолудан, бир жолудан жууп даарат алды".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيسنن وآداب الوضوء، صفة الوضوءموضوعات الحديثأحكام الوضوء
«Сатканда, сатып алганда жана өз акысын талап кылганда жоомарт адамды Аллах ырайымына алсын».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالبيوع، الأخلاق الحميدةموضوعات الحديثحسن الخلق، الإحسان إلى الخلقمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق
«Кимдин бир тууганынын алдында анын абийирине тийген же башка бир нерседе акысы (зулумдугу) бар болсо, динар да, дирхам да калбай турган күн (кыямат) келе электе, бүгүн андан кечирим сурап, акысын кутулсун. Эгерде анын жакшы амалы болсо, кылган зулумдугунун өлчөмүндөй андан алынат. Ал эми жакшылыктары жок болсо, анда (зулумдук көргөн) жолдошунун күнөөлөрүнөн алынып, анын мойнуна жүктөлөт».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالحياة الآخرة
Тазалыктан кийин кызгылтым жана саргыч суу келсе, аны айыз деп эсептечү эмеспиз.
Сахих (ишенимдүү) Муну ушул сөздөр менен Абу Дауд риваят кылган, Бухари (тазалыктан кийин) деген кошумчасы жок риваят кылган.
التصنيف الشرعيالحيض والنفاس والاستحاضةموضوعات الحديثأحكام الحيض والنفاس
«Пенде ооруса же сапарга чыкса, анда ага дени сак, сапарга чыкпаган кезинде аткарган иш-аракеттеринин сообу бериле берет».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة، آداب وأحكام السفر، خصائص الإسلام وفضله ومحاسنهموضوعات الحديثسعة فضل الله عز وجل