Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 76

Чыпкаларды алып салуу
Анастан: «Пайгамбардын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куран окугандагы кырааты кандай болгон?» - деп сурашканда, ал: «Созулуңку болгон», - деп жооп берди. Андан соң ал: «Бисмиллахир Рохманир Рохиим (Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын)» [Фатиха: 1] - деп окуп, «Бисмиллахты» созуп, «Ар-Рахманды» созуп жана «Ар-Рахимди» созуп окуду.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Кимде-ким биздин шариятыбызга анда болбогон жаңы ишти киргизсе, ал өзүнө кайтарылат ".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
التصنيف الشرعيالبدعة، الأربعون النووية
"Мурдагы пайгамбарлардын сөздөрүнөн адамдарга кеңири тараганы: "Эгер уялбасаң, каалаганыңды кыла бер" деген сөз".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун) аларга буйрук бергенде, алардын чама-чаркы жете турган иштерди гана буйруйт эле. Алар: "О Аллахтын Элчиси! Биз сизге окшош эмеспиз. Чынында, Аллах сиздин мурунку жана кийинки күнөөлөрүңүздү кечирген", - дешти. Ошондо ал жүзүнөн ачууланганы билинип ачууланып, анан мындай деди: «Чынында, араңардан Аллахтан эң көп коркконуңар жана Аллахты эң жакшы билгениңер – менмин».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة، الإيمان بنبينا محمد صلى الله عليه وسلم
«Өз иштерин (башкарууну) аялга тапшырган коом эч качан ийгиликке жетпейт».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيشروط الإمامة العظمى
"Силердин жакшыңар - Куранды үйрөнүп жана аны үйрөткөндөр".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيوصف القرآن وفضائله، فضل العلمموضوعات الحديثالحث على طلب العلم، نشر العلم بالدعوة إلى الله، تلاوة القرآن، القرآن وعلومه
"Кары адамдын жүрөгү эки нерседе жаш бойдон кала берет: дүйнөнү сүйүүдө жана узун үмүттө."
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيذم حب الدنيا
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында, Аллах Таала мындай деди: "Ким Менин досума душмандык кылса Мен ага согуш жарыя кыламын. Пендемди мага жакындата турган Мен ага парыз кылган амалдардан өткөн амал жок. Пендем Мага напил амалдар аркылуу жакындаган сайын, Мен аны жакшы көрөм. А Мен аны жакшы көрсөм, анын уга турган кулагы, көрө турган көзү, кармай турган колу жана баса турган буту болом. Эгер менден сураса, берем, Эгер Мени менен сактанса, сактайм. Мен кылган иштеримден момундун жанын алганда экиленгендей экиленген эмесмин, ал өлүмдү жек көрөт, Мен аны кыйнаган нерсени жек көрөм".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأحكام الولاء والبراء، فضائل الأعمال الصالحة، أحوال الصالحين، توحيد الأسماء والصفاتموضوعات الحديثالدعاء، معاداة أولياء الله وأذيتهم، المحبة