Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 51

Чыпкаларды алып салуу
Биз Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болчубуз. Ал кезде биз өспүрүм балдар элек. Биз Куранды үйрөнүүдөн мурда ыйманды үйрөндүк. Андан кийин Куранды үйрөндүк да, аны менен ыйманыбыз көбөйдү.
Сахих (ишенимдүү) Ибн Маажа жазып калтырган.
"Ким үч жуманы кайдыгерлик менен калтырса, Аллах анын жүрөгүнө мөөр басат."
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيفضل يوم وصلاة الجمعة
"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сол колуна жибекти, оң колуна алтынды кармап, колдорун өйдө көтөрүп, анан: "Бул экөөсү үммөтүмдүн эркектерине арам, аялдарына адал болду" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
التصنيف الشرعياللباس والزينة
"Чындыкты көргөн же билген учурда, элден коркуу силерден эч бир адамды аны айтуудан тосуп калбасын."
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيحكم الأمر بالمعروف والنهي عن المنكر
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.
Хасан Сахих (жакшы, ишенимдүү хадис). Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، أعمال القلوب، ذم المعاصي، صفات الجنة والنارموضوعات الحديثالزنا، اللواط، حفظ اللسان، حسن الخلق، التقوىمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق
«Мен Бану Мунтафик уруусунун өкүлү болуп (же Бану Мунтафик өкүлдөрүнүн курамында) Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келдим. Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенибизде, аны үйүнөн таба албадык. Бирок момундардын энеси Айшаны (Аллах андан ыраазы болсун) жолуктурдук. Ал биз үчүн хазира (эт менен ун кошулуп жасалган тамак) жасоону буйруду, бизге ал даярдалды. Ошондой эле бизге кинаъ (ичине курма салынган табак) алып келишти. Кийин Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: «Бир нерсе жеп-ичтиңерби?» же «Силерге бир нерсе берүүнү буйруду беле?» — деп сурады. Биз: «Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!» — дедик. Биз Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурганыбызда, койчу койлорун короого айдап келди. Жанында маараган бир козу бар эле. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Эй баланча, (койлоруң) эмне тууду?» — деп сурады. Ал: «Козу», — деди. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Анын ордуна биз үчүн бир кой сой», — деди. Андан соң: «Биз муну сен үчүн сойдук деп ойлобо, — деди ("ля тахсабанна" деп эмес, "ля тахсибанна" деп айтты). — Бизде жүз кой бар, анын көбөйүшүн каалабайбыз. Койчу жаңы козу туудурганда, биз анын ордуна бир кой сойдуруп турабыз». Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Менин аялым бар, анын тилинде бир нерсе бар (б.а. тили заар, одоно сүйлөйт)», — дедим. Ал: «Анда ага талак бер», — деди. Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Анын (көптөн берки) жолдоштугу бар жана андан балдарым бар», — дедим. Ал: «Анда ага буйру (б.а. насаат айт). Эгер анда жакшылык болсо, ал муну кабыл алат. Жана аялыңды күңүңдү ургандай урба!» — деди. Андан соң мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Мага даарат тууралуу айтып бериңизчи», — дедим. Ал: «Дааратты толук ал, бармактардын арасын желеле (манжаларыңды аралатып жуу) жана орозо кармабаган болсоң, мурунга сууну тереңирээк тарт», — деп жооп берди».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насаи жана Ибн Маажа риваят кылган
التصنيف الشرعيسنن وآداب الوضوء
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Йеменге жөнөткөндө, ага уйлардан: ар бир отуз баштан бир табиъ же табиъаны (бир жашар эркек же ургаачы торпокту), ар бир кырк баштан бир мусиннаны (эки жашар кунаажын же букачар), ал эми ар бир балакат жаш курагына жеткен адамдан бир динар же ага барабар маафирди (Йеменде жасалуучу кийимди) алууну буйруду.
Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис). Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيزكاة بهيمة الأنعام
«Кимдин эки аялы болуп, алардын бирине ооп кетсе, кыямат күнү ал бир капталы кыйшайган абалда келет».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيالعشرة بين الزوجين