Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 85

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (53)
«Кимде-ким бешимден алдын төрт рекет жана андан кийин төрт рекетти такай окуса, Аллах аны тозокко арам кылат».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيالسنن الرواتب
Мен Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Сизге Сафиянын ушундай-ушундай болгону жетиштүү" - дедим. -Хадисти жеткиргендердин бири: ал боюнун кыскалыгын назарда туткан - дейт. Ошондо Пайгамбарыбыз: «Сен ушундай бир сөз айттың, эгер ал деңиздин суусуна аралаштырылса, аны да бузуп жибермек» - деди. (Аиша энебиз) айтат: Мен ага бир адамды туурап көрсөттүм эле, ал: «Мага ушундай жана ушундай берилсе да, мен бир адамды туураганды жакшы көрбөймүн» - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة
«Адамдарга ыраазы болбогон - Аллахка шүгүр кылбайт».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة
«Аллах эркек кишиге же аял кишиге артынан жакындык кылган эркек кишиге карабайт».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана ан-Насааи Кубро китебинде риваят кылган
«Эгерде ким мусулман бир тууганын жакшы көрсө, анда ага аны жакшы көрөрүн кабарласын».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، آداب الكلام والصمتموضوعات الحديثالحب في الله والبغض في اللهمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق