Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 6

Чыпкаларды алып салуу
"Жыргалчылыктарды жок кылуучуну көп эстегиле," б.а. өлүмдү.
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
التصنيف الشرعيذم حب الدنيا
"Чындыгында дүйнө наалатталган (каргышка калган), андагы нерселер да наалатталган. Бир гана Аллахты зикир кылуу жана Ага жакындаткан (Аллах сүйгөн) иштер, аалым (илим үйрөтүүчү) же илим алуучу гана мындан тышкары."
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
التصنيف الشرعيذم حب الدنيا
«Силерден кимде-ким дене-бою сак-саламат, үй-бүлөсүндө амандыкта жана бир күндүк азыгы бар болуп таң атырса, анда ага бүткүл дүйнө топтолуп берилгендей болот».
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالزهد والورع
«Чындыгында, кабыр – бул акырет баскычтарынын биринчи баскычы. Эгерде адам андан кутулса, андан кийинкилери андан жеңил болот. Ал эми андан кутула албаса, андан кийинкилери андан да оор болот»."
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأهوال القبور
Бул аят: "Андан соң, ошол күнү нээмат-жакшылык жөнүндө албетте сураласыңар!" - деп түшкөндө Зубайр: "Оо, Аллахтын Элчиси, биз кандай нээмат-жакшылык жөнүндө суралабыз? Тагыраагы алар эки кара курма жана суубу?" - деп айтат. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: "Келечекте боло турган нерседен" - деп айтты".
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالزهد والورع، أحوال الصالحين، تفسير الآيات، الحياة الآخرةموضوعات الحديثالإيمان باليوم الآخر، الشكرمحاور التعريف بالإسلامالحساب
"Дүнүйөгө кызыкпа - Аллах сени жакшы көрөт. Адамдардын колундагы нерселерге кызыкпа - адамдар сени жакшы көрөт".
Имам Навави: "Хасан хадис", - деген. Ибн Маажа ж.б. хасан иснаддар менен риваят кылган
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، الزهد والورع