Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 13

Чыпкаларды алып салуу
«Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот».
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган.
التصنيف الشرعيوصف القرآن وفضائله، آداب تلاوة القرآن الكريم، صفات الجنة والنارموضوعات الحديثتلاوة القرآن، القرآن وعلومه، الإيمان باليوم الآخر
«Бизден бир сөздү угуп, аны кандай укса, ошондой жеткирген адамдын жүзүн Аллах Таала жарык кылсын. Анткени кээде бир адамга хадис жетсе, ал аны жеткирген адамга караганда жакшыраак түшүнөт».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل العلم، آداب العالم والمتعلم
"Кийимдериңердин агын кийгиле! Анткени ал кийимдериңердин эң жакшысы жана маркумдарыңарды да ага кепиндегиле."
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب اللباس
Чынында, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уктоону кааласа, колун башына төшөп жатып, андан кийин: «Оо, Аллах, пенделериңди чогулткан же тирилткен күнү мени азабыңдан сактай көр!» - деп айтчу. Транскрипциясы: «Аллаахумма кынии ъазаабака явма табъасу ъибаадак.»
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب النوم والاستيقاظ
«Эгерде ким мусулман бир тууганын жакшы көрсө, анда ага аны жакшы көрөрүн кабарласын».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، آداب الكلام والصمتموضوعات الحديثالحب في الله والبغض في اللهمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق